Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Равшан Жээнбековдун жубайына коюлуп жаткан айып боюнча маалымат берилди


Салкынай Алимбаева.
Салкынай Алимбаева.

Абактагы оппозиционер саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы, кечээ камакка алынган Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес. Бул тууралуу бүгүн 26-майда "Азаттыкка" Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев билдирди.

Ашимбаев 26-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган Алимбаева менен жолугуп чыкканын айтты:

“Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналууда. Бул окуя былтыр болуптур. Ошого катышкан деп “коррупция” менен айып тагыптыр. Салкынай Алимбаева “бул ишке тиешем жок” деп жатат. Биз коюлган айыпка макул эмеспиз”.

Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

УКМК азырынча маалымат бере элек.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист менен чогуу камалган. Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG