Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Днепрге жасалган соккудан эки кишинин өмүрү кыйылды


Днепр шаарына урулган соккудан кийинки көрүнүш.
Днепр шаарына урулган соккудан кийинки көрүнүш.

Украинанын Днепр шаарына жасаган Орусиянын соккусунан эки адам өлүп, дагы 30у жарадар болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский аткылоонун кесепетин жоюу жана куткаруу иштери уланып жатканын жатканын Фейсбукка жазды.

Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Сергей Лысак 21 киши ооруканада экенин, үчөөнүн абалы оордугун билдирди. Жабыркагандардын арасында эки бала бар.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 26-майда атылган ракета медициналык мекеме менен ветеринардык клиниканын имаратына тийген. Катуу соккудан өрт чыккан. Жеке жана көп батирлүү үйлөр, автоунаалар зыян тартты.

Киев жумага караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт сокку урганын маалымдаган.

Москва буга комментарий берген жок. Орусия Украинадагы жарандык объектилерге сокку урулганын дайыма четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG