Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:54

Оппозиционер Жээнбековдун жубайын каматкан иш


Равшан Жээнбеков жана Салкынай Алимбаева.
Равшан Жээнбеков жана Салкынай Алимбаева.

Бишкектин Биринчи май райондук соту абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды. Бул тууралуу маалыматты райондук соттон ырасташты.

Аны камакка алуу боюнча өтүнүнчү УКМКнын тергөөчүлөрү келтирген. Алимбаеванын адвокаттары камакка байланышпаган чара кабыл алууну суранган. Маалыматка караганда, Салкынай Алимбаева “коррупцияга” шек саналып кармалган. Ага Бишкекте жер тилкелеринин сатылышына байланыштуу айып тагылды.

Буга чейин Равшан Жээнбековдун карындашына да эки иш ачылган. Саясатчы түзгөн каналдын директору камалып чыкса, жардамчысы "чек арадан туура эмес өткөн" деп айыпталган. Жубайына коюлган кине Жээнбековдорго болгон басымдын уландысы деп бааланууда.

Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга байланыштуу журналисттерге комментарий берип, күнөөсү жок экенин айтты. Кабарчылар ага бүгүн, 26-майда тергөөчүлөр аны соттук имараттан чыгарып бараткан учурда суроо узатышты.

Алимбаева басып баратып кызын өөп, суроого учкай гана жооп берүүгө үлгүргөн. Окуянын видеосун “Политклиника” сайты жарыялады.

Алимбаевага ачылган иштин чоо-жайы

Кемпир-Абад иши боюнча жети айдан бери абакта жаткан оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалганы 25-майда кечке жуук белгилүү болду. Атайын кызмат козголгон кылмыш иши тууралуу дагы деле маалымат бере элек.

26-майда гана Салкынай Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев “Азаттыкка” ал коргоп жаткан адам менен жолугуп чыкканын билдирип, иштин чоо-жайы боюнча кыскача комментарий берди.

“Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналууда. Окуя былтыр болуптур. Ошого катышкан деп “коррупция” менен айып тагышыптыр. Салкынай Алимбаева “бул ишке тиешем жок” деп жатат жана биз коюлган айыпка макул эмеспиз”.

Маалыматка караганда, “Салкынай Алимбаевага Бишкек мэриясынан жерди мыйзамсыз алган” деген кине коюлган. Бирок жер кайсы аймактан жана кандай шартта алынганы тууралуу адвокаты да, УКМК да тактаган жок. “Азаттык” маалымат алуу үчүн атайын кызматка бир нече жолу байланышты.

Салкынай Алимбаеванын жолдошу, белгилүү оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Тергөөдө Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен да айып коюлду. Шектүүлөрдүн ичинен абакта жаткан 12 адамдын жакындары бул берене менен алардын үй-мүлкүн камакка алуу аракети башталганын билдирди.

Азат Равшан - Айсулуу Кудайбердиева - Равшан Жээнбеков - Мира Жээнбекова - Таалайбек Дүйшөнбиев.
Азат Равшан - Айсулуу Кудайбердиева - Равшан Жээнбеков - Мира Жээнбекова - Таалайбек Дүйшөнбиев.

Жээнбековдун жакындарына козголгон иштер

Салкынай Алимбаеванын кармалышы Равшан Жээнбековдун жакындарына козголгон биринчи иш эмес. Саясатчынын карындашы, Бишкек шаарынын мурдагы судьясы Мира Жээнбековага 2021-жылы апрелде “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кызматтан алынган.

УКМК ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо да кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объектилерге ээлик кыларын, 74 кымбат баалуу батири, 19 соода, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте жер тилкелери аныкталганын билдирген. Мурдагы судья бул айыптарды четке каккан.

2022-жылы июнда Бишкектин административдик соту Мира Жээнбекова Бишкектен мындан 18 жыл мурда сатып алган 4 сотых жер боюнча ишти кароодо иштин эскирүү мөөнөтү алынып салынсын деген чечим чыгарган. УКМК жер мыйзамсыз алынган деген айып койгон. Мира Жээнбекова болсо Бишкектин Чыгыш 5 районунан 4 сотыхка чукул жерди аукциондон сатып алганын билдирген.

Бул иш боюнча Бишкектин административдик жана шаардык соту УКМКнын пайдасына чечим чыгарганы белгилүү болду.

Мира Жээнбекова Жогорку Сотко арызданарын айтты. “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен козголгон иш дагы деле тергелип жатканын билдирип, агасынын жубайына ачылган ишти Жээнбековдорго болгон басымдын уландысы деп баалады.

“Жээнбековдорго болгон мамилени байкеме болгон кысым деп эсептейм. Кандай болгон күндө да байкем адам укугун коргоп, демократия үчүн күрөшүп жатат. Башкаларга окшоп коркутуп койсо качып кетпейт. Ошондуктан ага туугандары, балдары аркылуу кысым көрсөтүп жатышат. Мамлекеттик машинанын укуругу узун да. Азыр кандай кылса да жарашып атат. Бирок бул 5-10 жылдан кийин өздөрүнүн башына тийбейт деп эч ким кепилдик бере албайт”.

Уулу, жардамчысына чейин жеткен иш

Равшан Жээнбековдун жакындарына ушул тапта козголгон, соттун чечими да чыккан иштер бар. Ал ээлик кылган Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев “Улут аралык кастыкты козутуу” деген айып менен былтыр сентябрда шарттуу түрдө кесилген.

Next TV телеканалына козголгон кылмыш ишине байланыштуу уулу Азат Равшан былтыр атайын кызматка сурак берип чыккан. Саясатчынын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева “2019-жылы чек арадан туура эмес өткөн” деген айып менен 2022-жылы июлда күнөөлүү деп табылган. Эми жубайы камалды.

Бул Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округунан парламент депутатын шайлоонун үгүт иштери жүрүп жаткан маалда болду. Равшан Жээнбеков шайлоого талапкер болуп катталган. Ал Биринчи Май райондук сотуна жараянга алып келишкен учурда бийликке ачуу сындарды айтууда.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Равшан Жээнбеков көп жылдан бери ар кайсы бийликке оппозиция болуп келатат. Азыркы бийликке системалуу оппозиция болуп сын айткан, айыптарды койгон, далилдерди алдына жайып берген саясатчы. Ага жакындары аркылуу басым уланууда. Эгерде ал буга чыдабаса телеканалын бийликке берип эле абактан чыгып кетмек. Бирок аягына чейин күрөшүүдө. Ал эми бийликтин аялын да камаганы айласыздык, чектен чыккандык”, - деди саясат талдоочу Адил Турдукулов.

Кой-Таш окуясы жана Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков 2020-жылы президенттик шайлоого ат салышып, учурдагы президент Садыр Жапаровго оппонент болгон.

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Жээнбеков камакта жатып Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан ат салышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары каттап, бирок сот үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан. Бул жолу да шайлоого абактан катышууда.

Жээнбековдун карьерасы 90-жылдардын акырында, туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда башталып, 30 жашында Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетин башкарган. 2005-жылы февралда бийлик колдогон талапкер уткан шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, толук оппозицияга өтүп, жоогазын ыңкылабына активдүү катышкан.

2005-жылы бийликке Курманбек Бакиев келгенден кийин эки жыл Малайзияда элчи болуп иштеген. Кийин оппозицияга өтүп АКШга чыгып кеткен. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG