Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Кемпир-Абад иши: 12 айыпталуучунун мүлкү камакка алынат


“Кемпир-Абад” иши боюнча шек саналып тергөө абагында отургандар.
“Кемпир-Абад” иши боюнча шек саналып тергөө абагында отургандар.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын жакындары 12 жарандын үй-мүлкүн камакка алуу аракети көрүлүп жатканын билдирип чыгышты. Ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.

"12 адамдын мүлкүн камакка алыптыр"

Абактагы укук коргоочу Рита Карасартова кат жазып, анда алар айыпталып жаткан Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине (“Бийликти күч менен басып алуу”) ылайык, шектүүлөргө катталган үй-мүлк камакка алынарын билдирди.

"Күйөөмдөн мураска калган жарым үй (полдома) камакка алынып, өкмөткө өтчүдөй болуп калды", - деп жазылган Карасартованын Фейсбуктагы баракчасына 24-майда жарыяланган билдирүүдө .

Карасартованын каты менен тергөөчүнүн документин укук коргоочунун кызы Касиет Мамырбай жарыялады.

“Азыр иш менен тааныштыруу башталды. Жакында сотко берилет дейт. Апам кат менен кошо документ тиркеп коюптур. Аны карасам, 12 адамдын мүлкүн камакка алыптыр. Бул ишти сотко чейин жеткирип, мүлк конфискация болот окшойт. Бизде үч бөлмөлүү жарым үй (полдома) бар. Аны тинтүү жүргүзүп жатканда дагы көрүшкөн”.

Мүлкү камакка алынгандар

Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековдун колу коюлган документте Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айбек Бузурманкулов, Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Илгиз Сарылдык уулу, Азимбек Бекназаров жана Темир Махмудовдун үй-мүлкү камакка алынганы жазылган. Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев мындай деди.

“Буларга азыр кошумча 326-берене, "бийликти күч менен басып алуу" дегенди коюшту. Бул беренеде мүлкүн конфискациялоо бар экен. Ошонун негизинде кимге бул беренени койсо анын мүлкү камакка алынды. Эми муну далилдей алабы? Бул жерде бийликти басып алуу эмес, кылмыштын дагы курамы жок”.

Ички иштер министрлиги бул боюнча маалымат берилбестигин билдирди. Жети айдан бери созулган ишке жашыруун грифи коюлган.

Президент Садыр Жапаров бир нече жолу абакта жаткандарды айыптаган пикирин билдирген. Ал соңку ирет 12-майда Бишкектеги Ленин округунан парламентке талапкерлер менен жолугуп, бул ишке байланышкан суроого минтип жооп берген.

“Оппозиция болуп чыкканда да жүйөлүү чыксаңар бир жөн. Биз жердин баарын берип жиберип, туура эмес кылып жатсак анан чыксаңар, булар туура эле чыгып атат, кой, кокуй деп тартынат элем. Колдоочулары болсо шайлап койсун, өтүп кетсе депутат болот. Анда кылмышына карабай чыгарганга туура келет. Кылмыш кылганы үчүн камалып жатат да, жөн эле көчөдөн алып барып камап койгон жок. Төңкөрүш кылам деп атат, акча таратып жатат. Өлкөдө мыйзам, тартип болуш керек".

“Кемпир-Абад иши” боюнча кармалгандарга алгач “массалык башаламандык уюштуруу” деген берене коюлган. Жакында эле Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы белгилүү болгон. Бул берене менен айыпталгандарга үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов бул саясий иш экенин айтып, мүлктөрүн конфискациялоо аша чапкандык болорун белгиледи.

“Негизи Кемпир-Абад иши мыйзамга эч кандай тиешеси жок. Мисалы, элди нааразылык акциясына чакыруу кылмыш эмес. Тынч жыйындарга чогулуу Баш мыйзамда жазылган. Элди чогултуп, бийликти басып алат деген жөн эле ойду кылмышка жазып алышты. Ага далил керек. Акча таратып, курал чогулткан далилдер барбы? Далил жок болсо мыйзамга тиешеси жок”, - деди.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган. Калган 11 киши ар кандай жагдайда үй камагына чыккан.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет. Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алган.

Сыйымдуулугу 1,9 млрд. метр куб болгон Кемпир-Абад суу сактагычына Өзгөндөгү Жазы, Куршаб дарыялары, Кара-Кулжа, Алайкуу өрөөндөрүнөн түшкөн Кара-Кулжа жана Тар дарыялары кошулган Кара-Дарыя куят.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG