Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Садыр Жапаров “Кыргызиндустриясы” ишканасында болду


"Кыргызиндустриясына" таандык "Кыргыз топчусу" ишканасы ачылган. Өкмөт тараткан сүрөт.
"Кыргызиндустриясына" таандык "Кыргыз топчусу" ишканасы ачылган. Өкмөт тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган топ 26-майда Бишкек штамптоочу заводуна жана “Кыргызиндустриясы” ишканасына барды.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, алар бул ишканага таандык заводдордун, токтоп турган ишканалардын абалы менен таанышты.
“Учурда “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому 19 долбоорду ишке ашырып, анын тогузу толук иштеп, өз продукциясын чыгара баштады. Бирок кошумча каражат берилбегендиктен, калган 10 долбоорду ишке ашыруу азырынча токтоп турган.

"Мындай маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров аларды кайра иштетүүнүн, токтоп турган цехтерди модернизациялоонун маанисин белгиледи. Ал өкмөткө инвестиция тартууну, иштебей турган ишканаларды кайра иштетүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды”, - деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште "Кыргызиндустрия" миллиондогон сомду негизсиз короткону айтылган. Тармактык комитеттин 16-майдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Жарасул Абдураимов баштаган ишкананын жетекчилери чоң суммадагы айлык аларын сынга алган.

65 адам иштеген жамааттын президентинин төрт орун басары, аппарат башчысы, эки кеңешчиси жана бир жардамчысы бар экенин айтып чыккан.

"Кыргызиндустриясы" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн, анын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген.

Мурдагы Ленин заводунун базасындагы Бишкек штамптоочу заводу өлкөдөгү стратегиялык ишканалардын бири. Анда ок-дарылар өндүрүлөт. Завод Мамлекеттик мүлк фондуна карайт. Ишканада учурда 500дөн ашык эмгектенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG