Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Дары-дармек департаментинин директору бир айга камалды


Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин башчысы А.А.И. пара алып аткан учур деп УКМК тараткан сүрөт
Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин башчысы А.А.И. пара алып аткан учур деп УКМК тараткан сүрөт

Пара алууга шек саналып кармалган Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жетекчиси Айнура Абалиева бир айга камалды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-майда анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды. Аталган соттон "Азаттыкка" билдиришкендей, ал 23-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу тергөө изоляторунда кармалат.

УКМК Дары-дармек жана медициналык техника департаментинде коррупциялык схема аныкталганын жана пара алууга шек саналып мекеменин директору Айнура Абалиева кармалганын 24-майда кабарлаган. Маалыматка караганда, ага карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "опузалап пара талап кылуу" фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Абалиева департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча алып турган. Дары-дармектер иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөрдөн өтпөгөнү же иш формалдуу түрдө гана жүргүзүлгөнү аныкталганын УКМК кабарлаган.

Азырынча кармалган жарандын жакындары же адвокаты комментарий бере элек.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Дары-дармек жана медициналык техника департаменти да маалымат бере элек.

Айнура Абалиева Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору болуп Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы буйругуна ылайык дайындалган.

Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте фармацевтикадагы мафия тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, ага "мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин" айткан.

"Азаттык" радиосу өлкөдөгү күмөндүү дары-дармек, миллиондор айланган бизнес, мамлекеттик мекемедеги коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу "Эл кандай дары-дармек ичип жатат?" деген иликтөөсүн эки жыл мурда жарыялаган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG