Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Украин чалгын кызматы Запорожье АЭСиндеги чагым тууралуу эскертти


Запорожье атомдук станциясы. Украина, 31-август, 2022-жыл.
Запорожье атомдук станциясы. Украина, 31-август, 2022-жыл.

Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Чалгын башкы башкармалыгы орус аскерлери Запорожье атомдук станциясында (АЭС) ири чагым даярдап жатканын эскертти. Башкармалык 26-майда билдирүү таратып, чагымдын максаты Киев пландап жаткан контрчабуулду үзгүлтүккө учуратуу экенин айтты.

Украин чалгынчыларынын божомолуна караганда, орус аскерлери АЭСтин аймагына сокку уруп, мындан улам радиоактивдүү заттар менен уулануу мүмкүндүгү жаралганы жарыяланышы ыктымал.

“Бул акциянын максаты – эл аралык коомчулукту окуянын ийне-жибине чейин иликтенишин талап кылууга түртүү, анын жүрүшүндө согуштук аракеттердин баарын токтотуу болуп саналат. Орусия муну менен өзүнө керектүү тыныгуу алып, ал маалды армиясынын ордун которуштурууга пайдаланууга үмүт артып жатат”, - деп жазылган маалыматта.

Бирок украин чалгынчылары чагым тууралуу эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Кремл бул билдирүүгө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада күбөлөр Орусия Украинанын контрчабуулун утурлай аталган АЭСтеги коргонуу позицияларын чыңдап жатканын билдиришкен.

Европадагы эң ири атомдук станцияны Орусия кол салуунун алгачкы күндөрүндө ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт. Ишканада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлери да жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG