Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Бишкекте бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш берүү башталды


28-май, 2023-жыл. Бишкек, Ленин районундагы добушканалардын бири.
28-май, 2023-жыл. Бишкек, Ленин районундагы добушканалардын бири.

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарындагы №26 бир мандаттуу Ленин округунан мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү башталды. Бул райондон Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышып жатат.

Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Бул округда шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG