Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Ленин округу: саат 12ге карата шайлоочулардын 4,31% добуш берди


Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 29 талапкер ат салышып жатат.
Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 29 талапкер ат салышып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда саат 12.00гө карата 5389 адам добуш бергенин билдирди. Бул тизмедеги жалпы шайлоочулардын 4,31% түзөт.

БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

29 талапкер ат салышып жатат.

Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG