Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Тажикстан: камактагы адвокатка козголгон кылмыш иши сотко өттү


Бузургмехр Ёров 2015-жылы көз боемочулук жана документтерди жасоого шек саналып камалган.
Бузургмехр Ёров 2015-жылы көз боемочулук жана документтерди жасоого шек саналып камалган.

Тажикстанда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровго каршы козголгон соңку кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өттү. Бул тууралуу "Озоди" радиосу анын апасы Хуриниссо Исхоковага шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, иш тергелип сотко өткөнү тууралуу Ёровдун адвокаты билдирген жана кайсы сотто караларын тактаган эмес. Адвокаттын туугандарынын айтымында, алар Ёровду акыркы жолу январь айында көргөн жана учурдагы саламаттыгы тууралуу маалыматтары жок.

Өткөн айда Ёровго төртүнчү кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Маалыматка караганда, кылмыш иши Вахдаттагы колонияда отурган бир кишинин арызынын негизинде козголгон. Бирок арыз жазууга эмне себеп болгону белгисиз.

Польшада жайгашкан "Бузургмехр" фонду аны "көз боемочулук үчүн айыптап жатышканын", бул иш ойдон чыгарылганын билдирген. Андай айыптоо үчүн Тажикстанда айып пулга жыгуу же 8-12 жылга абакка кесүү каралган.

52 жаштагы Ёров 2015-жылы көз боемочулук жана документтерди жасоого айыпталып камалган. Ага чейин ал Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын 14 мүчөсүн коргоп жүргөн. Кийин Ёров бийлик өкүлүнө, тажик президентине акаарат келтирүү, сотту сыйлабагандыгы үчүн күнөөлөнгөн. 2016-жылы 28 жылга кесилген жана 2021-жылы мунапыска илинип, жаза мөөнөтү 4 жылга кыскарган.

2019-жылы БУУнун жумушчу тобу адвокаттын камалышын "эл аралык укукту бузуу" деп атаган. Уюм Ёров саясий оппозицияны коргогону үчүн куугунтукка кабылган деп, аны боштонуу талап кылган. Тажик бийлиги "сот анын күнөөсүн далилдегенин, иштин саясий боегу жок экенин" айтып жооп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG