Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Орусия Украина менен согушту токтотуунун башкы шарттарын атады


Михаил Галузин.
Михаил Галузин.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Украина менен согушту токтотуунун кеминде алты шартын атады. Ал ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде шарттардын бири Киевдин “согуштук аракеттерди токтотушу " болорун билдирди.

Галузиндин сөзүнө караганда, Украина каршылык көрсөтүүдөн баш тарткандан сырткары Батыштан курал-жарак албашы керек. Ошондой эле НАТОго, Европа Биримдигине мүчө болуу оюнунан кайтышы зарыл. Киев “жаңы аймактык өзгөрүүлөрдү” таанып, “орус тилин мамлекеттик тилге айлантып”, адам укугун, анын ичинде дин тутуу укугун сакташы шарт.

Галузиндин билдирүүсүнө Киев азырынча комментарий бере элек. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуунун бир гана шарты бар экенин, ал орус армиясынын Украинадан чыгышы болорун бир канча жолу билдирген.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда согуш ачкан. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, ушул кезге чейин кеминде 8895 жайкын тургун мерт болду, дагы 15 миңден көп адам жараат алды. Бул сан мындан дагы көп болушу мүмкүн.

Киев экономика мектебинин эсебинде, согуш башталгандан бери 150 миңден көп турак-жай кыйрады, 25 миң чакырымдан ашык жол, 350дөй көпүрө бузулду. Алардын айрымдары калыбына келтирилди. Баяндамага ылайык, жалпы чыгым 144 миллиард долларга жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG