Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Днепр: чабуулда кыйраган имараттагы үч адамдын дайыны белгисиз


Днепр шаарына урулган соккудан кийинки көрүнүш.
Днепр шаарына урулган соккудан кийинки көрүнүш.

Украинанын Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Сергей Лысак орус армиясынын Днепр шаарына жасаган ракеталык чабуулунан кыйраган медициналык жайдын урандысы 90% тазаланганын билдирди.

Ал бул тууралуу Телеграм-каналына жазып, үч адамдын дайыны чыкпай жатканын, куткаруу-издөө иштери уланганын жазды. Анда куткаруучулар адамдын сөөгүнүн айрым бөлүктөрү тапканын, жеринде эксперт-криминалисттер иштеп жүргөнүн кабарлады.

Мунун алдында жергиликтүү бийлик Днепрге жасалган ракеталык чабуулдан бери дегенде эки адам мерт болуп, 32 киши жараат алганын, алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экенин маалымдаган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 26-майда атылган ракета медициналык мекеме менен ветеринардык клиниканын имаратына тийген. Катуу соккудан өрт чыгып, жер тамдар, көп батирлүү үйлөр, автоунаалар зыян тарткан.

Киев жумага караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт сокку урганын маалымдаган.

Москва буга комментарий берген эмес. Орусия Украинадагы жарандык объектилерге сокку урулганын дайыма четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG