Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Түркия: БШК шайлоо кынтыксыз өтүп жатканын билдирди


Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер өлкөдө добуш берүү жараяны кынтыксыз, тынч өтүп жатканын айтып, "жарандар шайлоонун экинчи айлампасында өлкө ичинде жана чет өлкөдө да чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө" деди.

Йенер бул шайлоодо президенттикке эки гана талапкер ат салышып жаткандыктан, жыйынтык демейдегиден эртерээк чыгарын кошумчалады.

28-майдагы шайлоодо учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышууда. Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушканада дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш бериши керек.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, коопсуздукту жана тартипти 600 миңден ашык кызматкер камсыздап жатат.

Шайлоонун 14-майдагы биринчи айлампасында Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, оппоненти Кылычдароглу добуштардын 44,88% алган.

5% добуш алган АТА альянсынын талапкери Синан Оган тарапташтарын бул ирет Режеп Тайып Эрдоганды колдоого чакырган.

Биринчи айлампага түркиялык шайлоочулардын 88,92 % катышкан.

Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алган гана жеңишке жетти деп эсептелет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG