Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Кытай өзү чыгарган биринчи жүргүнчү учагын ишке киргизди


Кытай өзү чыгарган биринчи жүргүнчү учагын ишке киргизди. Жекшембиде China Eastern Airlines авиакомпаниясынын C919 учагы Шанхай-Бээжин каттамында учту.

Кууш кузовдуу учакты COMAC ишканасы чыгарган. China Eastern Airlines анын биринчи үлгүсүн 2022-жылдын декабрында сатып алган. Бир катар сыноолордон кийин ал коммерциялык пайдаланууга берилген.

Эки моторлуу учакка эконом жана бизнес класстагы 164 жүргүнчү батат. Ал орто аралыкка каттамдарды аткарат, тагыраагы 5500 километрге чейин уча алат.

2022-жылдын аягындагы маалыматка караганда, COMAC компаниясына 32 кардардан 1035 учакка буюртма түшкөн.

COMAC компаниясы C919 учагы Boeing жана Airbus өңдүү рыноктун лидерлери менен атаандаша алат деп эсептейт . Компания жылына 150гө жакын учак чыгарууну көздөп жатат.

Тетиктердин көбү Кытайда жасалганы менен, модел Батыштын технологиясына да көз каранды. Анын мотору жана авионикасы импорттолот. Leap-1C кыймылдаткычтарын америкалык General Electric Corporation менен франциялык Safran компанияларынын биргелешкен CFM International ишканасы чыгарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG