Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Жол кырсыгында каза тапкан сегиз кишинин бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болуп чыкты


Иллюстрация
Иллюстрация

Токмокто жол кырсыгынан каза тапкан сегиз кишинин алтоо Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды, экөө ушул эле райондун Дыйкан айылынын тургундары болгонун жергиликтүү тургундар кабарлашты. Алардын сөөгү 29-майда жерге берилет. Ички иштер министрлиги толук маалымат бере элек.

Набыт болгондордун бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алардын айылдаштары "Азаттыкка" берген тизме төмөнкүчө:

Ж.А. - 1986-жылы туулган (айдоочу);

К.Ж. - 1986-жылы туулган (айдоочунун аялы);

А. к. Э. - 2021-жылы туулган (айдоочунун кызы);

Ж.С. - 1988-жылы туулган (айдоочунун карындашы);

А. к. З. - 2017-жылы туулган (айдоочунун карындашынын кызы);

Т.М. - 1958-жылы туулган;

С.Т. - 1995-жылы туулган;

Т.С. - 1999-жылы туулган.

27-майда Токмоктогу айланма жолдогу кырсыкта сегиз кишинин өмүрү кыйылганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлаган.

"Honda Odissey үлгүсүндөгү автоунаа Нарындан Бишкекке жүргүнчү алып келе жатканда кырсыкка кабылган. Буга анын каршылаш жолго чыгып кетип, автоманипулятор менен кагышканы себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 млн. 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG