Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Израилдин президенти Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат


Израилдин президенти Исаак Херцог 30-майда Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат.

Херцогдун Тель-Авивдеги кеңсеси билдиргендей, ал президент Илхам Алиев менен "эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүнү" талкуулайт.

Херцог Бакуда Израил мамлекетинин 75 жылдыгына арналган иш-чарага да катышмакчы. Медицина тармагында тыгыз кызматташуу боюнча келишимге кол коюу да пландалууда.

Калкынын көбүн мусулмандар түзгөн Азербайжан март айында Тель-Авивде элчилигин ачкан. Израилдин Бакуда элчилиги 1993-жылдан бери иштейт.

XS
SM
MD
LG