Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:21

Казакстанда журналист 25 суткага камалды


Думан Мухаметкарим.
Думан Мухаметкарим.

Казакстан полициясы эркин журналист Думан Мухаметкаримди кайра камакка алды. Ал 28-майда кармалаганын адвокат Галым Нурпейисов ырастады. Сот аны “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузууга” айыптап, 25 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Думан Мухаметкарим YouTube каналы аркылуу бийликти сындап келет. "Тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду" деген айып менен мурда да эки жолу 25 суткага камакка алынган. Акыркы жолу оппозициянын 1-майга белгиленген митингинин алдында камалган. Ал эки күн мурун бошотулган эле.

Буга чейин анын жактоочусу Галым Нурпеисов Думан Мухаметкаримге "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Казакстанда укук коргоочулар бийликти тынч жыйын өткөрүүнү жана пикирин ачык айтууну каалагандарды куугунтуктап жатканын сынга алып келишет. Расмий Астана өлкөдө саясий куугунтук бар экенин четке кагат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG