Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Кыргыз жараны Казакстанда вебкам-студия уюштурган деп айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда вебкам-студия иштеткен трансулуттук кылмыштуу топ түзгөн деген айып менен 25 жаштагы кыргызстандык жаран 12 жылга соттолду. Мындай чечимди Чымкенттин район аралык соту чыгарганын рolisia.kz сайты жазды.

Маалыматка ылайык, бул топтун бир нече мүчөсү үч жылдан жети жылга чейин соттолгон. Алар Казакстандын чоң шаарларында вебкам-студия уюштурган. Полиция 10 вебкам-студияда 50 кыз иштегени аныкталганын кабарлаган.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары жана соттолгон жарандын жакындары комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 25-майдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевге суроо берип жатып, вебкам бизнеси жаатында "ачык-айкын иштеп, коомчулукка ишкер катары таанылган" адамдар бар экенин айткан.

Аширхожаев Кыргызстанда вебкам-студияларды иштетүү мыйзамсыз экенин, күрөш жүрүп жатканын билдирген. ИИМдин маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкө аймагында вебкам-студия иштеткен үч факты катталып, тергөө жүрүүдө.

2021-жылы 27-июлда “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган. "Анда Кыргызстандагы чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, Телеграм топтордогу ормон опуза иликтенген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG