Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ТИМ Москвада камакта отурган кыргызстандык аялдын иши көзөмөлдө экенин билдирди


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Москва
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Москва

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада тергөө абагында жаткан кыргызстандык Нургүл Азимованын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Мигранттын тагдырына байланыштуу суроону депутат Адахан Мадумаров узатып, бийлик анын укугун коргошу керектигин айтты.

Эл өкүлүнө жооп берген Алмаз Имангазиевдин билдиришинче, Азимованын иши боюнча тергөө 12-июнга чейин узартылган. Анын айтымында, тергөө анын күнөөсүн аныктаганын билдирген, Кошумча тергөөдө башка жагдайлар иликтенип жатат.

Мунун алдында актёр Азиз Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылуу жолдоп, Москва шаарында тергөө абагында жаткан кыргызстандык Нургүл Азимовага жардам берүүнү суранган.

Бейшеналиев Фейсбуктагы баракчасында Азимованын катын да жарыялаган. Анда үч баланын энеси күйөөсү аны карызга батырып, өзүн опузалап акча талап кылууга айыптап, каматып жиберди деп даттанган. Азимова күйөөсүнүн тааныштары элчиликте иштей турганын, алар ага жардам бермек тургай, тескерисинче коркутуп жатканын жазган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG