Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Самаркандда Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган адам кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өзбекстандын укук коргоо органдары 28-майда билдиргендей, Самаркандда мекендештерин АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз киргизүүнү убада кылган адам кармалды.

Маалыматка ылайык, ал өз кардарларын Мексикага Европа аркылуу жиберип, андан ары Америкага киргизүүнү убада кылып, 30 миң доллар алып турган.

Кармалган адамга «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

12-майдан тарта АКШда жаңы миграциялык эрежелер күчүнө кирди. Эми Кошмо Штаттардын чек арасын мыйзамсыз өткөндөр дароо депортация болот жана беш жыл башпаанек суроо укугунан ажырайт.

Муну менен президент Жо Байдендин администрациясы мыйзамсыз миграцияны кыскартып, өлкөгө кирүүнүн легалдуу жолун жайылткысы келет.

Соңку жылдары Америкага Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендер көбөйдү. Мындай кооптуу жолду тандагандардын арасында кыргызстандыктар да арбын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG