Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Кыргызстанда вирустук гепатит жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү


Бишкектеги лабораториялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги лабораториялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жаңы баяндамасында жазылган.

Былтыр бул убакытта вируска кабылган 706 учур гана катталган. Иш жүзүндө быйылкы төрт айда 1,9 эсе көбөйгөн.

Жалпы вирустук гепатит оорусуна кабылган 1 364 адамдын 1 255и илдеттин А түрүн жугузуп алгандар. Былтыр төрт айда бул көрсөткүч 654 учурду гана түзгөн.

Гепатитке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Ош облусуна (34,3%), Баткен облусуна (32,4) жана Ош шаарына (25,4) туура келет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG