Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Путин Москвага болгон соккуну "Киевдин жообу" деп атады


Орусиянын президенти Владимир Путин Москвага учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу маалымат берди. Ал Украинанын аскердик-чалгын кызматына сокку урулгандан кийин Киевден ушундай жооп болгонун айтты. Киев Москвага сокку урду деген дооматты моюнга алган жок.

Президенттин сөзүн мамлекеттик телеканалдар көрсөттү. Москва биринчи жолу Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматына чабуул койгонун жарыялап жатат. Киев бул чабуул тууралуу айткан эмес.

Путин дрон чабуулу тууралуу биринчи жолу комментарий берди. Ал Киев жарандык объектилерге атайын сокку урганын билдирип, муну "терроризм" деп атады. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык турак жайга түшкөн үч учкучсуз учактын иши радиоэлектрондук жол менен үзгүлтүккө учураганын жазган. Мындан улам алардын үйгө түшкөнүн кокустук катары сыпаттоого болот.

Путин Москвага сокку уруу "жооп чараларга түртө" турганын айтты, бирок кандай жооп болорун тактаган жок. Орусиялык армия Киевге өткөн жылдан бери чабуул жасап келет. 2023-жылдын май айында эле 17 жолу ушундай сокку урулган.

Путиндин айтымында, Москва Украинадан айырмаланып "таамай тийүүчү куралдар" менен сокку урат. 2022-жылы 24-февралда согуш башталагандан бери Украина бомба, ракета чабуулуна кабылып келет. Бул куралдардын сыныктары жарандык объекттерге да тийген. Москва кээде гана жарандык объекттерди бутага албаганын билдиргени болбосо, мындай чабуулдар тууралуу комментарий бербейт.

  • 30-майда Москвага бир нече дрон менен чабуул жасалган. Алардын үчөө эл жашаган турак жайга түшкөн. Калгандары атып түшүрүлгөнү айтылган. Бир дрон Путиндин Ново-Огарёвдогу резиденциясынан алыс эмес жерге түшкөн.

XS
SM
MD
LG