Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

ЕБ Молдовадагы туруксуздукка айыпталгандарга санкция салды


Молдовалык ишкер Илан Шор жана олигарх Влад Плахотнюк.
Молдовалык ишкер Илан Шор жана олигарх Влад Плахотнюк.

Евробиримдик Молдовада туруксуздук кылууга айыпталган жети кишини санкциялык тизмеге киргизди. Алардын арасында саясатчы жана олигарх, мекенинде коррупцияга айыпталып, чет жакка качып кеткен Влад Плахотнюк, Москванын колдоосуна ээ болгон магнат Илан Шор, Кишиневдогу өкмөткө каршы акцияларды уюштурган "Шор" партиясынын вице-президенти Марина Таубер да бар.

Аталган партиянын төрагасы, учурда Израилде бозгунда жүргөн Илан Шорду өткөн айда Молдова соту 15 жылга эркинен ажыраткан. Тизмеде орусиялык ишкер Игорь Чайка да бар.

Шор, Плахотнюк жана Чайка АКШ менен Британиянын кара тизмесине буга чейин эле киришкен.

Аталгандардын шаркеттеги активдери камакка алынды. Евробиримдиктин бул кадамын Молдованын президенти Майя Санду кубаттады.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл өз билдирүүсүндө тизмеге киргизилгендер Украина менен Молдованын "суверенитетине жана төбөлсүздүгүнө шек келтирчү, коркунуч туудурчу, дестабилдиштерүүгө багытталган аракеттер үчүн жоопкер" экенин айтты.

Европадагы эң жакыр деп саналган, 2,6 миллиондой калкы бар Молдова Орусия Украинага кол салганы жүз миңдеген украиналык качкынды кабыл алды.

Эки күндөн кийин Молдовада Европа саясий коомчулугунун биринчи саммити өтөт. Анда Санду өлкөсүнүн 27 мүчөсү бар блокко кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүү аракетин көрөт.

Былтыр 28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арыз жазган. 3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG