Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстанда жасалма шенген визасын даярдагандар аныкталганы кабарланды  


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жасалма жасалма шенген визасын даярдап саткан эл аралык канал аныкталганын билдирди.

“Жасалма шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды. Мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан кырктан ашуун чет элдик жаран такталды”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат учурда жасалма документ даярдоого тиешеси бар адамдарды аныктап жатканын кабарлады. УКМК бул кылмыш иши боюнча шектүүлөр кармалып, кармалбагандар жөнүндө маалымдаган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова 18-майдагы жыйында Орусияда avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын паспорту ачык эле сатылып жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) буга чара көрүүгө чакырган.

Avito.ru сайтында Кыргызстандын жарандыгын 120 миң рублден 270 миң рублге чейин алып берүү боюнча бир нече жарнама турат. Анда кыргыз жарандыгын алуу үчүн Орусиянын жарандыгынан чыгуу талап кылынбай турганы, кыргыз тилин билүүнүн зарылдыгы жок экени жазылган. Кыргызстандын жарандыгын алып чет жактан банк эсептерин ачууга, АКШга жана Европа өлкөлөрүнө виза алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG