Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Орусиянын Белгород облусундагы аткылоолор тууралуу маалыматтар түшүп жатат


Белгород облусу. Орусия, 1-июнь 2023-жыл
Белгород облусу. Орусия, 1-июнь 2023-жыл

“Свобода” радиосу кабарлагандай, бейшембинин таңынан бери Украина менен чектеш Белгород облусундагы аткылоолор жөнүндө карама-каршылыктуу маалыматтар түшүп жатат. Бир катар Телеграм каналдар, анын ичинде кремлчил ресурстар, Шебекино шаарынын жанындагы текшерүү пункту танктардын чабуулуна туш болгонун жазышты.

Украин тарапта күрөшүп жүргөн “Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” согушкерлери жарыялаган видеодо орус аймагына кол салуунун экинчи фазасы тууралуу билдиришти. Алар бир нече күн мурун облустун Грайворон районуна кирип барышкан. Видео кайда тартылганы белгисиз.

Белгороддун губернатору Вячеслав Гладков облус аймагында азыр украиналык аскерлер жок экенин, бирок аткылоолор уланып жатканын билдирди. Орус бийлиги ал үчүн Украинанын айыптап келет. Ал эми “Орусиянын ыктыярдуу корпусу” орус армиясы өзү аткылап жатат деп эсептейт.

Журналисттер Гладков кагылышуулар тууралуу маалыматты кыйыр бышыктаганын, ал “жеринде армия, чек арачылар, ФСБ жана Росгвардия” жүргөнүн маалымдады.

Ал эми ТАССтын Белгороддун ыкчам штабына шилтеме менен тараткан маалыматына ылайык, “украин аскерлери кирип келген жок”, бирок Шебекинонун айланасында кырдаал оор, аткылашуунун, кармаштын добушу угулууда.

Гладковдун айтымында, түнү шаарда сегиз киши жабыркады, калктын бир бөлүгү эвакуацияланат. Ал Шебекино жана Грайворон райондорунан балдар коопсуз аймактарга чыгарылып кетерин 31-майда билдирген.

Украин аскерлери Орусиянын аймагын аткылоо жана ыктымал кармаштар тууралуу кабарларды комментарийлеген жок.

Буга чейинки рейдден кийин Киев ага тиешеси жоктугун, ыктыярдуу корпус украин армиясына кирбесин, орус жарандарынан куралганын билдирген.

22-майда Белгород облусунда кармаштар жүргөнү кабарланган. Москва украиналык “диверсиялык топ” жапырык жасаганын айткан. Киев айыптоолорду четке кагууда.

Ал күнү эртең менен Телеграм каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектешкен аймакта жарылуу жана атышуулардын добушу угулуп жатканын кабарлашкан.

Рейддер үчүн жоопкерчиликти “Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” өкүлдөрү алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG