Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Салык кызматы товар жеткирүүнү навигатор менен көзөмөлдөй баштады


Жүк ташуучу автоунаага коюлган электрондук навигациялык пломба. Салык кызматы тараткан сүрөт.
Жүк ташуучу автоунаага коюлган электрондук навигациялык пломба. Салык кызматы тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы Казакстан менен Орусияга темир жол жана автоунаа аркылуу жүк ташууда электрондук навигациялык пломбалар менен көзөмөлгө алган пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, аталган эки өлкөгө товар жеткирип бараткан транспортко "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" көзөмөл-бекеттеринде салык кызматкерлери электрондук навигациялык мөөр басышат. Товар тиешелүү жерге жетип, түшүрүлгөн соң Казакстан менен Орусиянын адистери жабдууну ошол жактан алып коюшат.

Бул долбоорду аталган үч өлкөнүн улуттук операторлору атайын интеграцияланган маалыматтык система аркылуу ишке ашырат. Ал товарлардын ташылышына байкоо жүргүзүп, анын жеткирилишин көзөмөлдөөнү жана аткезчиликти кыскартууну максат кылат.

Мөөр басылган транспорттор чек арадан өтүүдө да азыраак текшерилет.

Жүк ташуучулар пилоттук долбоорго ыктыярдуу түрдө катыша алат жана акы төлөбөйт. Пилоттук долбоор ушул жылдын 1-сентябрына чейин уланат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG