Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

Индонезия Украинада тынчтык орнотуу планын сунуштады


Прабово Субианто ингапурда өтүп жаткан"Шангри-Ла Диалогу" форумунда сүйлөп жатат. 3-июнь, 2023-жыл.
Прабово Субианто ингапурда өтүп жаткан"Шангри-Ла Диалогу" форумунда сүйлөп жатат. 3-июнь, 2023-жыл.

Индонезиянын коргоо министри Прабово Субианто Сингапурда өтүп жаткан "Шангри-Ла Диалогу" форумунда Орусия менен Украинанын согушун токтотуу планын сунуштады.

Субиантонун сунушу ок атууну тезинен токтотуу, эл аралык тынчтык күчтөрү кайтарган демилитаризация зонасын түзүү жана БУУнун көзөмөлү астында "талаштуу аймактарда" жаңы референдум өткөрүүнү камтыйт. Субианто "талаштуу аймактар" дегенине түшүндүрмө берген жок.

Демилитаризация болгон аймакты түзүү үчүн эки тарапка тең ал зонадан 15 чакырым артка чегинүү сунушталган. Индонезия ортодогу зонага эл аралык көзөмөлдү орнотуу зарыл деп эсептейт.

Субианто Жакарта бардык процесске катышууга даяр экенин билдирди. Министрдин айтымында, ушуга окшош чаралар Корей жарым аралында 50 жылдан бери тынчтыкты сактоого өбөлгө түзүп келет.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Олег Николенко Индонезияга согушту токтотууга көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Украина менен Орусиянын ортосунда референдум өткөргүдөй талаштуу аймактар жок экенин белгиледи.

Николенконун айтымында, ок атышууну токтотуу үчүн демилитаризация зонасын түзүү ишке ашпайт, анткени Орусия мындай учурду пайдаланып, жаңы күч топтошу мүмкүн. Ал Индонезияны Украина сунуштаган тынчтык формуласына кошулууга чакырды.

Киев буга чейин бир канча жолу территориалдык маселеде артка чегинбесин, Орусия басып турган өзүнө таандык аймактарды, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крымды кайтарып аларын бир канча жолу билдирген.

  • Батыш өлкөлөрү Орусия басып алган Украинага таандык аймактардын Киевдин юрисдикциясына кайтышын колдоп келет. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Хельсинкиде өткөн коопсуздук жыйынында Орусияга басып алган бөтөн аймактарды мыйзамдаштырууга жол ачкан тынчтык келишимдерин жактабай турганын билдирген.
  • Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Сингапурдагы форумда сүйлөп жатып кеп согушту токтотууда эмес, аны кантип токтотууда экенин белгиледи. "Биз Украинаны экинчи Беларуска айланткан тынчтык капитуляциясын каалабайбыз", - деген Боррел Киевге аскердик жардам берүү уланарына ишендирди.
  • Согуш башталгандан бери Кытай, Ватикан, Африка өлкөлөрүнүн айрымдары тынчтык келишимин түзүү демилгесин көтөрүп келет. Москва жакында эле тынчтык келишимине байланыштуу комментарий берип, Киев менен диалогго барууга оңтойлуу учур келе электигин билдирген. Ага чейин Орусиянын президенти Путин кырдаалды "геосаясий жагдайды эске алуу" менен жөнгө салууга даяр экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG