Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Кумтөр быйыл үч айда 2,4 тонна алтын сатты


 Кумтөр кениндеги алтын ылгоочу комбинат. 2023-жылдын 30-январы.
Кумтөр кениндеги алтын ылгоочу комбинат. 2023-жылдын 30-январы.

Кыргызстандагы эң ири алтын казуучу "Кумтөр" компаниясы быйыл биринчи кварталда өсүш көрсөтүп, 2,4 тонна алтын сатты.

Компания жалпысынан 80 511 унций, же 2,5 миң килограмм алтын өндүргөн.

Былтыр Кумтөр бул маалда 66 474 унций, же 2,1 тонна алтын казган, салыштырмалуу өсүш 21,1% түздү.

Өндүрүштүн өсүшү биринчи кезекте казылып жаткан рудадагы алтындын көптүгүнүн эсебинен камсыздалууда. Эгер былтыр заводго жеткирилген рудадагы алтындын орточо камтылышы тоннасына 2,27 грамм болсо, быйыл анын орточо курамы 2,34 граммга барабар болууда.

Ошентип быйыл 3 айда "Кумтөр голд" компаниясы 77 547 унций, же 2 миң 412 килограмм алтын сатты. Былтыр бул маалда 1 миң 962 кг алтын сатылган (63 077 унций).

Алтын сатуудан алгачкы кварталда компания 146,7 млн. доллар тапкан (былтыркы 3 айдагы киреше 119,9 млн. доллар болгон).

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргыз Республикасы өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага жараша Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери алтын казылууда. Айрым маалыматтар боюнча 2022-жылдын 30-июнуна чейин кенден 13,8 млн. унций, же 430 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG