Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Пригожин орус подполковнигин суракка алганы тартылган видеону жарыялады


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер уюмунун башчысы Евгений Пригожиндин басма сөз кызматы орус армиясынын өкүлү суракка алынган видеону жарыялады.

Суракка алынган киши өзүн подполковник, 72-мотоаткычтар бригадасынын командири Роман Веневитин деп атаган. "Свобода" радиосу жазгандай, болжолу, аны Украинанын чыгышында фронт линиясына жакын жердеги жаңжалдан кийин "Вагнерчилер" кармап, куралдарын алып койгон.

Бул орус аскерлери менен "вагнерчилердин" жаңжалынын коомчулукка ачык жарыяланган биринчи учуру.

17-майда Украинанын Бахмут калаасына жакын Семигорье кыштагында "Вагнердин" жоочулары менен орус армиясынын аскерлери атышканы тууралуу маалымат чыккан. Анда аскерлер "Вагнердин" чегинүү жолдоруна мина коюп жатканы аныкталганы, миналарды тазалоо учурунда аткылашуу болгону айтылган.

Сурак учурундагы видеодо Веневитин "Вагнердин" ыкчам тобун куралсыздандырууга, алардын "Урал" автоунаасын аткылоого буйрук бергенин, муну аларды " жактырбаганы" үчүн жасаганын моюнга алган. Бир саам тыныгуудан кийин ал өзүн күнөөлүү экенин айткан.

"Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин буга чейин курал-жарак жетишпей жатканын белгилеп, Орусиянын Коргоо министрлигин кескин сындап чыккан.

Орус армиясынын жетекчилиги Роман Веневитиндин суракка алынышына байланыштуу комментарий бере элек.

"Сирена" Телеграм каналы Орусиянын Куралдуу Күчтөр академиясында окуган Роман Веневитин аттуу аскер кызматкер тууралуу маалыматтарды жарыялады. Ал 45 жашта экени, мурда Нижний Новгород облусунда күзөт агенттигинде иштегени айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG