Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Казакстан орус газын Өзбекстанга өткөрүүгө 2024-жылы даяр болот


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Казакстандын инфраструктурасы орус газын Өзбекстанга жеткирүүгө 2024-жылдын күз-кыш ммезгилинде даяр болот.

Энергетика министри Алмасадам Саткалиев билдиргендей, өлкө аркылуу өткөрүлө турган газдын көлөмүн жана баасын Ташкент "Газпром" менен талкуулап жатат.

Буга чейин Саткалиев Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга орус газын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр "кыйла конструктивдүү маанайда жүрүп жатканын" айткан.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов орус газын жеткирүүнүн коммерциялык шарттары техникалык маселелер чечилгенден кийин талкууланарын белгилеген. Ал газды "Орто Азия – Борбор" магистралдык газ кууру аркылуу алып келүү пландалып жатканын кошумчалаган.

30-майда Журабек Мирзамахмудов Санкт-Петербург шаарында "Газпромдун" төрагасы Алексей Миллер менен жолуккан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров апрелде Самаркандга барганда Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын ортосундагы газ биримдигин талкуулоодо жылыштар бар экенин билдирген.

“Азаттыктын” өзбек кызматы Өзбекстанда былтыркы энергетикалык кризис тууралуу бир канча маалыматтарды, өзбек газынын оффшордук компаниялар аркылуу чет өлкөгө арзан берилгени тууралуу иликтөө жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG