Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

“Бир дүйнө Кыргызстан” бейөкмөт уюмдар боюнча кезектеги сунушту талдап чыкты


“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамды өзгөртүүгө сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбооруна эксперттик талдоо жүргүздү. Талдоонун жыйынтыгы 5-июнда жарыяланды.

Анда бул долбоор Орусиядагы “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамга сөзмө-сөз окшош экени, орусиялык бийликтин бул демилгеси дүйнөлүк эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып келе жатканы, “агент” деген сөздү “өкүл” деп алмаштырып коюудан анын мыйзамсыз мааниси өчүп калбай турганы, себеби кеп мамлекеттик органдардын аша чапкан ыйгарым укуктары тууралуу болуп жатканы белгиленди.

Эгер бул мыйзам кабыл алынса, эксперттердин пикиринде, Интернетке жарыяланган тексттин баары “саясий ишмердүүлүк” деп бааланат.

Быйыл 19-майда Жогорку Кеңештеги Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуш кылышкан. Анда “чет элдик өкүлдүн функциясын аткаруучу бейөкмөт уюмдар” деген категория киргизилип, бир катар милдеттер жана талаптар жазылган. Ал талаптар аткарылбаса уюм жабылып калышы ыктымал.

2021-жылдын 17-июнунда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам кезектеги өзгөрүүгө дуушар болгон. Ага ылайык, коммерциялык эмес уюмдун кирешеси, мүлкү, чыгымдары коммерциялык сыр деп эсептелбейт жана уюмдар кошумча отчет берип турууга милдеттендирилет.

Укук коргоо уюмдары коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле башкалар сыяктуу мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын белгилеп келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG