Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Бишкекке келет


Катардын эмири шейх Тамим бен Хамад Аль.
Катардын эмири шейх Тамим бен Хамад Аль.

Кыргызстанга 6-7-июнь күндөрү Катардын эмири шейх Тамим бен Хамад Аль мамлекеттик сапар менен келет. Ички иштер министрлиги бул күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштерин, коомдук коопсуздукту камсыздоого үч миңдей кызматкер тартыларын кабарлады. Ошондой эле айрым жолдор маал-маалы менен жабылып турарын эскертти.

Тышкы иштер министрлиги бул сапар тууралуу азырынча толук маалымат тарата элек.

Буга чейин Катардын эмири 5-6-июнь күндөрү Өзбекстанда болору маалымдалган.

Президент Садыр Жапаров былтыр 18-декабрда Катарга иш сапар менен барган. Анда сапар Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен болгону айтылган. Ошол күнү Катарда дүйнөлүк футбол чемпионатынын финалдык беттеши болгон.

2023-жылы Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык карым-катышына 25 жыл толот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG