Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

ЖКда аба булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү сунушу көтөрүлдү


Bishkek smog - Бишкек ыш
Bishkek smog - Бишкек ыш

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 5-июндагы жыйынында "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду карап жатат. Анда документтин авторлорунун бири Марлен Маматалиев жылуулук берилген маалда гана аба булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү жобосу киргизилген.

"Парламенттин комитети ыш маселесине байланыштуу атайын токтом кабыл алган. Бир катар эл аралык уюмдар дагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анда ыш көйгөйүнүн себебинин бири болуп мончолордо, сауналарда ар кандай нерселерди жагуу экени айтылган. Ошондой жайларды тиешелүү мекеме текшерейин десе аларга 10 күн мурда, алдын ала айтышы керек. Ишканалар болсо он күндүн ичинде баарын иретке келтирип, тазалап, даярдап коет. Ошондуктан бардык учурда эмес, жылуулук берилген гана учурда, арыз түшкөн ишканаларды күтүүсүз барып текшерүүгө уруксат берели", - деди Мамататалиев.

Жыйында өкмөт өлкөнүн өнүктүрүү программасына каршы келет деген жүйө менен бул сунушка терс корутунду бергени маалым болду. Мындан улам бир катар депутаттар аны сынга алышты. Ошондой эле аба булгады деген ишканаларды текшерүүнү үч ай деп чектебей, жыл бою жүргүзүү сунушу айтылды.

Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет. Шаардын үстүн калың ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө кызуу талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер тууралуу маалымат берип, биринчи себеби Жылуулук электр борбору, экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менин салынган курулуштар, үчүнчүсү – машинелер экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG