Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Белгород: энергетикалык объектилердин биринде өрт чыкканы кабарланды


Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород районундагы энергетикалык объектилердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу аймактын губернатору Вячеслав Гладков кабарлады. Бирок ал өрттөнүп жаткан объектинин чоо-жайын тактаган жок. Гладков ошондой эле жабыркагандар жоктугун, электр жарыгы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.

Баштапкы маалыматтарга караганда, өрттүн себеби дрондон жасалган чабуул болушу мүмкүн.

Мунун алдында Гладков аткылоого дуушар болуп жаткан Украина менен чектеш райондордун тургундарын "убактылуу үй-жайын таштап чыгып кетүүгө" үндөгөн. Ал Телеграм-каналына эки адам мерт болгонун жазып: "Бардык калк жашаган айылдарды, оболу аткылоого кабылып жаткан Шебекинский округунда жашагандар бийликтин айтканын угуп, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактоо үчүн үй-жайынан убактылуу чыгып кетүүсүн өтүнөбүз", – деген.

Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.

"Агентство" жазгандай, Белгород облусунун бийлиги согуш башталгандан бери аймак 358 жолу аткылоого кабылганын кабарлаган. Бул чабуулдарга алар украин бийлигин күнөөлөшөт. Киев эч кандай комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG