Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

Столтенберг: Вильнюстагы саммитте Швеция НАТОго кире алат


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкарадагы президенттин инагурациясында, 3-июнь, 2023-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкарадагы президенттин инагурациясында, 3-июнь, 2023-жыл.

Түндүк атлантикалык аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Швециянын, Түркиянын жана Финляндиянын расмий өкүлдөрү 12-июнда жолугуп, Швециянын НАТОго мүчөлүк арызын карай турганын ырастады.

Анкара Стокгольмду террористтик уюмдарга жана коопсуздукка жасалган коркунучтарга, анын ичинде жикчил күрт кошуундарына, 2016-жылкы төңкөрүш аракетине катышкан адамдарга жумшак мамиле жасайт деп сындайт. Буга чейин Венгрия дагы Швециянын НАТОго киришине макулдук берүүнү себебин билдирбестен созуп койгон.

Бейшембиде Швеция терроризмге каршы күрөш жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды. Столтенберг белгилегендей, Стокгольм Анкаранын кооптонуусуна жооп иретинде өзүнө алган милдеттемелерин аткарды.

НАТОнун жетекчиси 11-12-июнда Вильнюста өтө турган Түндүк атлантикалык бирикменин саммитинде Швециянын мүчөлүккө кабыл алууга убакыт бардыгын белгиледи. Мындай максат былтыр Мадридде өткөн саммитте белгиленген.

НАТОго кирген бардык 31 мүчө мамлекет аскердик бирикмеге кошулууга арыз берген өлкөгө макулдугун бериши шарт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG