Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Равшан Жээнбековдун камоолор менен коштолгон саясий сапары


Равшан Жээнбеков Бишкектин 1-май райондук сотунда, 13-декабрь, 2022-жыл.
Равшан Жээнбеков Бишкектин 1-май райондук сотунда, 13-декабрь, 2022-жыл.

Өткөн аптада азыр камакта жаткан Равшан Жээнбековдун өмүрлүк жары Салкынай Алимбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, кийин соттун чечими менен эки айга камалды. Ага Бишкектеги эки жер тилкесин сатууга байланыштуу айып коюлууда, Алимбаева күнөөсү жок экендигин билдирди. Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, өзүнө жана жакындарына карата саясий куугунтукту токтотууну талап кылды. Буга расмий жооп боло элек.

Равшан Жээнбеков деген ким?

Равшан Жээнбеков акыркы жолу былтыр камакка алынган. Ага айтылуу “Кемпир-Абад иши” боюнча айып коюлуп жатат. Жээнбеков муну оппозицияга куугунтук деп сыпаттап келатат.

Мындан тышкары ал “Кой-Таш иши” деп аталган кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу катары сотко катышууда.

Равшан Жээнбеков 1970-жылы 19-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган.

Атасы Бабырбек Жээнбеков кесиби юрист болгону менен элге журналист катары таанылган. Ал “Алиби”гезиттин уюштуруп, оппозициялык маанайдагы эркин басма сөздүн жактоочусу болуп келген.

Равшан Жээнбеков дагы атасынын жолун жолдоп, Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин 1992-жылы аяктаган. Ал 1996-жылы Москадан Орусиянын тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Саясий илимдердин кандидаты катары "Борбор Азиядагы эл аралык мамилелер: геосаясий аспекттер" деген темада диссертациясын жактаган.

Кийин - 2008-жылы АКШдагы Массачусетс Технологиялык институтунун Слоан менеджмент мектебинен бизнес багытында илимий даража алган.

Азыркы тапта Равшан Жээнбеков өлкөдөгү туруктуу оппозициянын башында тургандардын бири.

Саясатчы, мурдагы депутат Өмүрбек Суваналиевдин оюн угалы:

“Мен Равшан Жээнбековду 1995-жылдан бери билем. Ошондон бери ал профессионал саясатчы болуп жетилди. Чоң саясатка даярданып, көп маселелер боюнча өз пикирин айтып жүргөн инсан. Ал буга чейин депутат болгон, министр болгон. Кулк-мүнөзү демократ, кошоматчы эмес, пикирин бетке айткан, чынчыл жигит. Ошол үчүн биз аны терең сыйлайбыз”.

Эң жаш министр

Равшан Жээнбековдун саясий жылдызы ал 30 жашка чыгып-чыкпай эле жанган. Тышкы иштер министрлигинде атташе катары карьерасын баштаган жаш адис 1996-1997-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратында кеңешчи болуп, кийин премьер-министрдин жардамчысы болууга жетишкен.

Аскар Акаевдин назарына кандай илингени ачык булактарда айтылган эмес, Равшан Жээнбековдун өзү да бул тууралуу айткан-айтпаганы белгисиз, айрым маалыматтар боюнча, анын Майрам Акаева менен жердештиги роль ойногон болушу ыктымал. Кыскасы, ал 28 жашында чет өлкөлүк инвестициялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, бир жылдан кийин Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы кызматына жеткен. 30 жашында ал өлкө тарыхындагы эң жаш министр болгон. Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басарлыгынан кийин 2001-2005-жылдар аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы - министр болуп иштеген.

Бул учурда Кыргызстанда менчиктештирүүнун экинчи этабы жапырт жүрүп жаткан. Айрым маалыматтар боюнча, 342 объект өз ээлерин тапкан. Бул цифралар Равшан Жээнбеков ал учурда канчалык маанилүү тармакты башкарып, кандай адамдар менен байланышта болуп турганынын масштабын көргөзөт.

Дал ушул убакта Кыргызстан өз эрки менен өлкөдөгү эң ири Кумтөр алтын кенинен баш тарткан. Бул коррупциянын туу чокусу болгон, мамлекетке, элге каршы кабыл алынган келишим үчүн тергөө иштери жүрдү, айрымдар өз жазасын алды. Ошол маалдагы президент Аскар Акаев баардык күнөөнү ошол убактагы өкмөт башчысы, маркум Николай Танаев менен баласы, маркум Айдар Акаевге оодарганын жакында Эмилбек Каптагаев ачык жазды. Укук коргоо органдары козголгон кылмыш ишинин алкагында Равшан Жээнбековго Кумтөр келишими боюнча айып коюуга бир нече ирет аракет жасап, суракка чакырган. Ал келишимде Равшан Жээнбековдун эмес, анын орун басарынын колу коюлган. Бул окуя боюнча өз учурунда башкы прокурор катары Аида Салянова да өз пикирин билдирип, мыйзамга ылайык формалдуу түрдө Жээнбековдун күнөөсү жок болгону менен, анын моралдык жактан уйкусу бузула турган жагдай экенин айткан.

Курманбек Бакиевден кызмат алган элчи

2005-жылдын 24-мартындагы окуялардын алдында Равшан Жээнбеков Бириккен элдик кыймыл оппозициялык бирикмесинин бардык иш-чараларына активдүү катышкан. Атап айтканда, Курманбек Бакиев башында турган оппозиционерлердин Жалал-Абаддагы элдик курултайына Роза Отунбаева, Топчубек Тургуналиев, Бектур Асанов, Ишенгүл Болжурова, Чолпонбек Абыкеев менен тең катар катышкан.

2005-жылы ага каршы Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы болуп турганда мамлекеттик каражатты максатсыз короткон деген айып менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө далил жоктугунан тергөө токтотулган.

"Равшан Жээнбековго бир нече ирет кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик мүлктү уурдап алган деген кине менен айып коюуга аракет жасашты. Бирок, бирөөнү да далилдей алышкан эмес", - деди саясатчы Өмүрбек Суваналиев.

Ошол эле 2005-жылдагы Март окуяларынын алдында Равшан Жээнбеков Таласта Аскар Акаевге каршы чоң митинг уюштурган. Бул анын дээрлик аны мамлекеттик ишмер катары өстүрүп, калыптандырган адамга каршы чыкканын, муну менен ал өз алдынча саясатчы катары торолууга бет алганын билдирмек.

Аскар Акаев Москвага качып кеткенден кийин Равшан Жээнбеков 2006-2007-жылдарда 2 жылча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеди. Дипломатиялык милдетти аткарганына карабай ал бийликти сындаган билдирүүлөрдү жасап турган.

Равшан Жээнбеков элчиликтен кеткенден кийин анын Акаевдин убагындагы кылмыш иши кайра көтөрүлүп, 2007-жылдын күзүндө сот процесси укук коргоо органдары тарабынан кайрадан жанданган. Бирок, иш ал жолу сотко жеткен эмес.

Ош облусунун мурдагы жетекчиси, БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мындай ою менен бөлүштү:

“Саясатчы катары өзүнүн туруктуу позициясында келатат. Ар дайым демократиялык система орнотолу деп, менин байкашымча, демократиялык багытта өнүксөк деген идеяларды көтөрүп келет. Бул колдоого, сый-урматка татыктуу, анткени, акыркы 30 жылдан бери ар түрдүү саясатчыларды көрүп келатабыз, позициясы такыр жок саясатчыларды да көрүп жатабыз. Бирок, балким саясий күрөштүн өсүшүнө жараша, балким, жашоо-турмуштун өзгөргөнүнө, мамлекетибиздин өзгөргөнүнө жараша позиция да алмашып тураттыр. Ошондуктан кээ бирөөлөрдү позициясы өзгөрүп кетти деп да айыптабашыбыз керек. Бирок, мен саясатчы катары Равшан Жээнбековго көз карашым түз”.

Курманбек Бакиевдин тушунда Жээнбековго 2008-жылы декабрда дагы бир кылмыш иши козголгон. Прокуратура аны Мамлекеттик мүлк комитетинин имаратын оңдоодо аткарылган иштердин көлөмү көбөйтүп жазылып, кошумча акча коротулган деп шектеген. Келтирилген зыян алты миллион сом деп айтылган. Бул кылмыш иши 2010-жылдын Апрель окуяларынан кийин гана жабылган.

Ошол Апрель окуяларынан кийин Равшан Жээнбеков "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Депутат кезинде ал партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей, аны "партия ичинде авторитардык бийлик орнотуп жатат" деп сынга алган. Дагы бир маалыматтар боюнча Равшан Жээнбеков 2011-жылдын октябрындагы президенттик шайлоого партиянын атынан катышууга ниеттенип, бирок кийин өз алдынча баруу ниетин билдирген.

2012-жылы 18-мартта "Ата Мекен" партиясынын пленумунун жыйынтыгы менен Равшан Жээнбеков "туура эмес жүрүм-туруму жана партиянын идеялык саясатын бөлүшпөгөнү үчүн" деген негизде партиядан чыгарылган. Ошондон кийин ал башка бир “ата мекенчи”, депутат Өмүрбек Абдрахманов менен бирге “Демократ” деп аталган депутаттык топтун курамына киришкен.

Атамбаевдин-Жээнбековдун заманы

Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин саясатын туруктуу сындаган саясатчылардын бири болду. Ал мындай позициясын дээрлик 6-7 жыл карманды.

2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда ал сөз эркиндигин коргоо комитетинин атынан демократиянын, адам укуктарынын, сөз эркиндигинин маанисин айткан жана бул идеясын туруктуу коргоп келатат.

Равшан Жээнбеков Кой-Таштагы окуяларда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапта сөз сүйлөп, 2019-жылдын 12-декабрда кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ага Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет» беренелери менен айып коюлган. Бул сот иши азыркыга чейин уланууда. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Алга Кылычев өзүнүн дагы, Равшан Жээнбековдун дагы ал окуя боюнча эч күнөөсү жоктугун билдирди.

“Чынында Кыргызстандагы сап башындагы ири саясатчылардын бири деп эсептейм. Бул биринчиден. Экинчиден, Сооронбай Жээнбеков жана ага жакын адамдар Равшан Жээнбековго мыйзамсыз куугунтук уюштурушту. Себеби, эгер ошол Кой-Таш окуясы маалында Равшан Жээнбеков, мен, Ирина Карамушкина ошол жерде болбогонубузда, атайын кызматтын аскерлеринен эч кимиси тирүү калмак эмес. Биз алардын жанын сактап, ал жердегилерди мыйзамга чакырып турдук. Ошого карабай шылтоо менен кылмыш ишин козгошту”.

Ошол 2019-жылы декабрдагы камоону Равшан Жээнбековдун өзү саясий оппоненттерге куугунтук катары сыпаттап, ал Кыргызстандагы жакырчылык, акыйкатсыздык, эркин медиага басым, оппозицияга басым сыяктуу маселелерди чечпей турганын илдирген.

Абактан кайрылуу

2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин Равшан Жээнбеков идеялык жактан демократияны, башкаруунун парламенттик формасын жактоочу, адам укуктарын, эркиндиктерин, эркин сөздү коргоочу катары азыркы бийликти да сындап келген. Бир адамдын – президенттин башкаруусу мамлекеттеги маселелерди толук чече албайт, бул - эркин коомго каршы система болуп эсептелет деген пикирин билдирип жүргөн.

Формалдуу түрдө Равшан Жээнбеков дагы «Кемпир-Абад ишинин» фигуранты катары камакка алынган.

Ушул аптада ал абактан ачык кат жолдоп, президенттен жана УКМК төрагасынан үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылды. 26-майда анын жубайы Салкынай Алимбаева эки айга - 24-июлга чейин камакка алынды.

Салкынай Алимбаеваны камакка алуу боюнча өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүлөрү келтирген. Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев "Азаттыкка" комментарий берип, ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча айып тагылып жатканын билдирген. Тергөөчүлөр Алимбаевага “коррупция” беренеси менен айып тагышкан, Алимбаеванын өзү күнөөсү жоктугун билдирди.

Анын 90 жаштагы энеси Рахима Алимбаева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ырайым сурады.

“Айланайын президент балам! Айланайын Камчы! Ушундай акыбалга келтирип койдуңар – мен Баатыр энемин. Сегиз баланы тарбиялап, окутуп, чоңойттум баарын. Күйөө балам Равшанымды камадыңар, Равшанымдан кийин кызымды камадың. Эмне болду ушунчалык?!! Кыргызстанда, кыргыздарда мындай жашоо болгон жок эле го... (13 жаштагы ред.:) кызы жалгыз калды. Бүгүн туулган күнүндө ал кыз ыйлап, ысытма болуп, таң атканча уктабай чыкты. Жанында мен олтурдум ыйлап. Эмне болду, садагаң кетейиндер, мынчалык эмне болду? Кызым саясат менен иши жок эле. Мен 90 жашка келгенде абактан экөө чыгышсын, мага топурак салышсын!.. Садыр балам, ырайым кыл! Камчы балам, ырайым кыл! Силерди да эне, силерди да ата өстүргөн...”

Ишкер Жээнбеков

Равшан Жээнбеков ишкер катары да белгилүү. Ага Бостеридеги "Асыл-Таш" пансионаты, ошондой эле “Некст ТВ” телеканалы, "Алиби" гезити таандык. Аны менен акыркы 5 жылда чогуу иштешип келаткан журналист Өмүрбек Сатаев ага төмөнкүдөй баа берди.

“Равшан Жээнбеков менен акыркы 5 жылдан бери чогуу иштеп келатабыз. Менин оюмча, Равшан, биринчиден, чындыкты айткан, өз позициясына бекем турган, демократиялык баалуулуктарды элге, коомго жеткиргенге аракет кылган саясатчы. Ал бийликке сынды ачык айткандан, каршы чыккандан да коркпойт. Ошол себептен жалпысынан алганда эки жылдан бери камакта отурат. Жакында жубайы дагы камакка алынды. Равшан инсан, адам катары коркпогон, өз оюн ачык айткан, принципиалдуу адам. Адам катары ал дайыма өз сөзүнө бекем турат, убадаларын дайыма аткарат. Принциапиалдуу. Ал өтө билимдүү. Биздин университетти бүтүп, кийин АКШда билим алган. Билими терең. Равшан Жээнбеков менен, кыскача айтканда, чалгынга бара турган мыкты инсан”.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде 20дан ашуун саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар түзгөн “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин жетекчилеринин бири болгон.

Равшан Жээнбеков азыркы тапта бийлик аларга саясий куугунтук жасап жатат деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG