Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Чек ара кызматы "Ак-Тилек" бекетинде тыгын пайда болгонун ырастады


"Ак-Тилек" өткөрмө бекети, архивдик сүрөт.
"Ак-Тилек" өткөрмө бекети, архивдик сүрөт.

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы машиналардын узун тыгыны пайда болгонун бышыктады. Аны Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен түшүндүрдү. Башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатканын, узун кезек жоктугун кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйында депутат Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде дагы жүк ташыган машиналардын тыгыны азайбай жатканын айтып, "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштаган.

Буга чейин чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлганы кабарланган.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги маал-маалы менен пайда болуп турат.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG