Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Sky News Ирандан Орусияга курал жеткирүү тууралуу келишимди жарыялады


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын Ибрахим Раиси
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын Ибрахим Раиси

Британиянын Sky News телекомпаниясы Ирандан Орусияга курал-жарак жеткирүү боюнча келишим колго тийгенин жарыялады.

Телеканал бул документти Британиянын коргонуу тармагындагы булагы бергенин билдирди. Британиялык атайын кызматтар "документ 100% анык экенин" бышыктоодо. Тегеран менен Москва буга комментарий бере элек.

Өткөн жылдын 14-сентябрында түзүлгөн, 16 барактан турган документте баасы 1 миллион доллардан бир аз ашкан курал-жарак - артиллерия жана танк снаряддары, ракеталарды жеткирүү тууралуу жазылган. Андан тышкары, беш беттен турган экинчи документтин бир бөлүгү да жарыяланды. Анда Т-72 танктары үчүн тетиктерди жана гаубицалар үчүн челектерди (бочка), снаряддарды жеткирүү маселеси камтылган. Алардын баасы болжол менен 740 миң долларды түзөт.

Документтерде келишимдер Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Коргоо жана логистика министрлиги менен Рособоронэкспорттун ортосунда түзүлгөнү айтылат. Алар англис тилинде, баасы доллар менен белгиленген.

Sky News журналисттери бул документтерди Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверлиге май айынын башында көрсөткөнү айтылат. Лондон дагы, Киев дагы буга комментарий бере элек.

Майдын аягында Украина "Москвага курал-жарак жеткирген" деген негизде Иранга каршы санкцияларды киргизген.

Буга чейин АКШ, башка Батыш өлкөлөрү жана Украина Иранды Орусияга Shahed "жанкечти" дрондорун берип жатат деп айыпташкан. Орус армиясы ал дрондорду Украинага каршы согушта жигердүү колдонгон. Москва аны четке каккан. Тегеран учкучсуз учактар Орусияга согуш башталганга чейин жеткирилгенин билдирген.

Британиянын атайын кызматы Орусия май айында эле Украинага 300 Shahed дрону менен чабуул койгону аныкталганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG