Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Орган алмаштыруу боюнча түркиялык дарыгерлер менен сүйлөшүү болду


Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Мустафа Ташкын баштаган делегация Бишкекте. 2023-жылдын 5-июну.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Мустафа Ташкын баштаган делегация Бишкекте. 2023-жылдын 5-июну.

Бүгүн, 5-июнда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик ооруканалар боюнча башкы дирекциясынын бөлүм башчысы Мустафа Ташкын баштаган делегацияны кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги Кыргыз-Түрк мамлекеттик ооруканасынын базасында адам органдарын трансплантациялоо операцияларын уюштуруу маселеси талкууланды.

Сүйлөшүүдө Түркияда бул жаатта операциялар ийгиликтүү жасалары айтылды, Кыргызстанда органдарды алмаштырууну жөнгө сала турган мыйзамдык база тууралуу сөз болду.

Тараптар бул жаатта мындан аркы кызматташууну жана тажрыйба алмашууну макулдашты. Ошондой эле трансплантология жаатында кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн программаларды жана тренингдерди уюштуруу зарылдыгы айтылды.

Түркиялык дарыгерлер Кыргыз-Түрк ооруканасындагы медициналык жабдуулар менен таанышты.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын долбоору көп ирет каралган.

Өлкөдө орган алмаштырууга муктаж болгон жүздөгөн бейтаптар Түркия, Индия, Израил жана Орусия сыяктуу өлкөлөргө барууга мажбур болушат.

Үч жыл мурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда онго жетпеген бейтаптын бөйрөгү эксперименталдык негизде алмаштырылган. Трансплантациядан кийинки бейтапты кароого Кыргызстанда адистешкен дарыгерлер жок.

Министрлик бул милдетти облустук ооруканаларда иштеген нефролог, гепатолог жана гастроэнтерологдорго жүктөгөн. "Авиценна" менчик ооруканасынын башкы дарыгери, өлкөдө орган алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн Камчыбек Узакбаев 2001-жылдан бери мыйзам өзгөрбөгөндүктөн, бейтаптар абдан кыйналып жатканын айткан. Ал мыйзамды жаңыртып, Кыргызстанга да Түркия, Казакстандагыдай шарттарды, мыйзамдык негиздерди түзүү зарыл" деп билдирген.

Орган алмаштыргандардын дары-дармеги үчүн бюджеттен 2021-жылы 78 миллион сом бөлүнгөн. 2022-жылдагы муктаждык 135 миллион сом деп белгиленген. Бейтаптардын 40% боор, 60% чукулу бөйрөгүн алмаштырган.

Былтыр жана быйыл канча каражат бөлүнгөнү кабарлана элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG