Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

БШК Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды


Дамира Ниязалиева анын шайлоо штабында күч органдары тинтүү жүргүзгөн маалда. 2023-жылдын 30-майына караган түнү тартылган видеодон алынган скриншот.
Дамира Ниязалиева анын шайлоо штабында күч органдары тинтүү жүргүзгөн маалда. 2023-жылдын 30-майына караган түнү тартылган видеодон алынган скриншот.

Бүгүн, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева билдирди.

Маалыматка караганда, Ниязалиева шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет жасады деген бир нече билдирүү БШКга келип түшкөн.

Бүгүнкү жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Аны менен катар милиция Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга өтүнүч жөнөткөнүн айтты.

Буга чейин интернетте Дамира Ниязалиеванын үнүнө окшош сүйлөгөн жаран менен башка жарандын маеги жарыяланган, анда добуш үчүн жарандарга 1500 сом төлөп берүү талкууланган.

Бишкектин Ленин районунда 28-майда кайра өткөн шайлоого келип катышкандардын 6242 добушун (35,83%) Дамира Ниязалиева алган.

Интернетке аталган аудио тасма тарагандан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча иш козгоп, анын алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Дамира Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирип, аудиону "монтаж" деп сыпаттаган. Талапкердин өзү дагы 30-майда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылган.

Айрым басылмалар кармалгандар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экенин жазышкан. Кийин алар үй камагына чыгарылган болчу.

Дамира Ниязалиева буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер-министр, Саламаттык сактоо министри кызматтарын аркалаган. Ал өлкөдөгү ири бизнесмен айымдардын бири. Кыргызстандын Элдик курултайынын аксакалдар кеңешинин мүчөсү. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG