Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

"Инфокомдун" өкүлү жабдуулардын баасын 57 миллион сомго көтөргөн деп айыпталууда


Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун бири.
Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун бири.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин "Инфоком" мекемесинин башкармалык жетекчисин IT жабдууларды сатып алууда казынага 57 млн. сом зыян келтирген деген шек менен камакка алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы үчүн жабдууларды сатып алууда алардын баасы жогорулатылганы аныкталды.

Кылмышка шек саналып "Инфокомдун" жооптуу кызматкери Т.Э.Б. кармалды. Ал тендердин айрым катышуучулары менен келишип алып, жабдууларды кымбат баада алган, ошондой эле жабдуулардын бир бөлүгүн албаса дагы жасалма документтер аркылуу алды деп каттаган деп айыпталууда.

Тергөө учурундагы тиешелүү экспертизада алдын ала 57 млн. сом зыян келтирилгени аныкталган.

Кармалган жаран Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камалды.

"Инфоком" ишканасы атайын кызматтын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG