Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Ооруканадагы чыр, дарыгерлердин иштен кетишинин чоо-жайы


Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институту
Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институту

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунун бир нече кызматкери жетекчилик менен иштеше албай, жумуштан кеткенин айтып жатышат.

Мекеменин жетекчилиги алардын маалыматын четке какты. Саламаттык сактоо министрлиги ооруканадагы жаңжалдын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирүүдө.

Хирургдун нааразылыгы

Бишкек шаарындагы жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунда хирург болуп иштеген Акылбек Жоошев 3-июнда Фейсбуктагы баракчасына басым күчөгөндүктөн, өз арызы менен иштен кетүүгө аргасыз болгонун жарыялады.

Ал жаңы дайындалган жетекчи Самидин Шабыралиев менен башкы дарыгер Нурболот Бекболот уулун сындап чыкты:

“Акыл байке, сиздин бөлүмүңүздө кыскартуу жүрүп жатат, анын ичинде сиз да барсыз" деп айтты. Анан мен эмнеге, эмненин негизинде кыскартып жатасыңар десем "өйдө жактан, министрликтен ушундай болуп жатат" деп эч нерсе көргөзгөн жок. Сизди кайра жандандыруу бөлүмүнө которушум керек деди. Мен "чет мамлекеттен эндоваскулярдык хирургияны окуп келгем, жандандыруу бөлүмүнө иштей албайм" десем, "жок, биз каалаган жерге которобуз" деп айтты. Ошол жерден пикирибиз келише албай, директорго кирдик. Директорго мурда иштеген жеримде иштейм десем, анда айлыгыңды 0,25 ченге кыскартабыз, ал эми жандандыруу бөлүмүндө 0,5 чен менен иштейсиң деди. Мен макул, кеткиче иштей берейин дедим. Ошентип келиштик, 1-2 күн иштедим. Анан эле ошол жерде иштеген бөлүм башчы дарыгерлердин баарына айтыптыр. "Акылбектин ар бир ишин байкагыла, кичине кемчилик кетсе эле айткыла, рапорт жазгыла, берене менен кетиребиз" дептир”.


Ишинде кемчилик табылды деген негизде, ага карата рапорт жазылып, Жоошев 26-майда өз арызы менен жумуштан кеткен экен. Ал өзүнөн мурда да 5-6 кызматкер жетекчи менен иштеше албайм деп кызматтан кеткенин айтууда.

"Мыйзамсыз иштер болуп кетти"

Алардын бири - аталган ооруканада көп жылдан бери иштеген дарыгер Элмира Тукушева.

“Дарыгерлер жөнөкөй эл кызматкерлери. Аларды эски, жаңы администрациянын адамдары деп бөлгөн болбойт. Баарыбыз 20 жылдан ашык иштеген кызматкерлербиз. Мени 4-апрелде чакырып, ордуңарды бошоткула деп башташты. Мени эле эмес, башкаларга да айтыптыр. Кээ бири өздөрү эле кетти. Мен акыңар жок деп болбой койдум. Андан кийин кол алдымдагы кызматкерлер аркылуу киришти. Негизи көп мыйзамсыз иштер болуп кетти. Айлыктарды да кыскартты. "Биздин алдыбызда бийлигибиз бар" деп бизди эмне кыла алмак эле деп коюштубу билбейм. Бүгүн дагы экөө кетебиз деп чалышты. Иштеп тургула десем, кете береличи деп болбой жатышат. Алар кетсе, мен кетсем, жалпы алты адам иштен бошойт. Абал өзгөрбөсө, мен да кете берейин деп жатам. Анткени бөлүмдөгүлөрдүн баары кетип калса, кайра команда топтош кыйын, тажрыйбалуу дарыгерлерди алып келүү кыйын”.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институту
Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институту


Дагы бир дарыгер Жаныбек Кайбылдаев ооруканага Самидин Шабыралиев жетекчи болуп келгенде эле арызын жазып жумуштан кетип калганын айтууда:

“Кеткениме эки ай болгон. Бизге басым болгон эмес, мен өз каалоом менен кеткем. Бирок жаңы жетекчиликтин алдында иштеше албай турганыма көзүм жеткен, ошон үчүн кеткем”.

Буга чейин социалдык тармактарда Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда иштеген айрым кызматкерлер Акылбек Жоошевдин айткан сөздөрүн четке кагып, мекемеде кызматкерлер ынтымактуу иштеп жатканын айтышкан. Жоошевдин сөздөрүн "каралоо" деп билдирүү жасашкан.

Жетекчилик эмне дейт?

Оорукананын жетекчиси Самидин Шабыралиев “Азаттыкка” комментарий берип, Акылбек Жоошевдин айткандарын четке какты:

“Бул жерде мыйзамсыз эч нерсе болгон жок. Бүт документтер бар. Жумуштан өз ыктыяры менен кеткен. Ага (ред. Акылбек Жоошевге) кошумча жумуш бергенбиз. Ал өзү келип, мен жакшы жумуш таптым деп кеткен. Анан ал жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды түндө таштап кетип калган. Мындай жорук 2018-жылы дагы болуптур. 11 жыл иштегем дейт, анын 6 жылы такыр жумушка чыккан эмес. Эгер басым болсо, бөлөк чара көрөт элек да, кошумча жумуш бербейт элек. Ал мурдагы директор Кудайбердиевдин өкүл баласы. Ошонун малын багып, сарайында жүрчү. Жумушка да келчү эмес. Калгандары өз арыздары менен эле кетишти. Бирөө ректор болуп, бирөө жеке клиникага башкы дарыгер болуп кетишти. Министрликке чалышып, эч дообуз жок деп айтыптыр”.


Ал эми Акылбек Жоошев мурдагы директордун өкүл баласы эмес экенин жана аны менен туугандык мамилеси жок экенин билдирип жатат.

Буга чейин социалдык түйүндөрүндө аталган оорукананын башкы дарыгери Нурболот Бекболот уулуна окшош адамдын башка кызматкерди бетке муштаганы тартылган видеолор тараган. Хирург Акылбек Жоошев мындай нерсе дарыгердин этикасына жатпай турганын, ага эч кандай чара көрүлбөгөнүн билдирген. Мындан сырткары оорукананын мурдагы директору Таалайбек Кудайбердиевдин жумуштан алынышына Нурболот Бекболот уулунун тиешеси бар экенин айткан.

Ал эми Нурболот Бекболот уулу Жоошевдин айткандарын төгүндөдү.

“Бул жерде бул бала (ред. Акылбек Жоошев) башка адамдардын буйрутмасын аткарып жатат деп ойлойм, себеби аны куугунтуктагыдай экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок. Башка адамдардын же мурдагы жетекчи Таалайбек Кудайбердиевдин буйрутмасы деп ойлойм. Кудайбердиевдин кетишине менин тиешем болгон эмес. Себеби экөөбүздүн ортобузда талаша турган деле эч нерсе жок. Болгону мен анын бир-эки мыйзамсыз иштерине кол коюп бербей койгом. Ал эми ал видео (ред. кызматкерди бетке муштаган видео) аябай эски. Директордун дарылоо иштери боюнча орун басары болгонума 1,5 ай болду. А бул видео бир жарым жыл мурун болгон. Ал жерде эмоцияны кармай албай калганбыз, сөз талашып кетип...”, - деди Нурболот Бекболот уулу.

Чырдын чоо-жайы териштирилип жатат

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканадагы чыр боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында маалымат берилерин кабарлады.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунун мурдагы директору Таалайбек Кудайбердиевди прокуратура ушул жылдын 14-февралында Жазык кодексинин (Ишеним көрсөтүлүп берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу) жана 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптап кармаган. Ал ошол эле күнү үй камагына чыгарылып, келтирилген 1 млн. 97 миң сомдук зыянды толук кайтарып бергени расмий маалымдалган.

Мекемеге жаңы директор болуп Самидин Шабыралиев 5-апрелде дайындалган.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институту Саламаттык сактоо министрлигине карайт.

2004-жылы уюшулган оорукана сегиз бөлүмдөн турат. Анда жүрөк, кан тамыр хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо жаатында операциялар, дарылоо, алдын алуу жана илимий иштер жүргүзүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG