Коомчулук, кыргыз медицинасы жана бийлик "каралуу июлдан" кандай сабак алды? Бул учурда каза болгон адамдардын жакындары өз суроолоруна жооп таптыбы? Убадаланган ооруканалар салынып, медицина тармагындагы кемчиликтер оңдолдубу? Азыр абал кандай, калкты эмдөө, вирустан коргонууга карата азыр кандай талаптар бар? Алдыда "Арай көз чарай" талкуусунда бул суроолорго жооп издейбиз. Бул талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, 2021-жылы "каралуу июль" боюнча түзүлгөн тармактык комиссияны жетектеп турган Элвира Сурабалдиева, Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, "Биз чындык үчүн" кыймылынын негиздөөчүсү Ырыскан Зулпукарова, "каралуу июлда" апасынан ажыраган Айнура Туйбаева катышат.
"Каралуу июлга" эки жыл. Кыргызстан кандай сабак алды?
Коомчулук, кыргыз медицинасы жана бийлик туура эки жыл мурдагы "каралуу июлдан" кандай сабак алды? Ал кезде коронавирустан каза болгондордун жакындары өз суроолоруна жооп таптыбы? Убадаланган ооруканалар салынып, кемчиликтер оңдолдубу? Бул суроолорго "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издейбиз.
Чыгарылыштар
-
Апрель 24, 2024
Тышкы саясат: Кыргызстан кайсы багытка ыктайт?
-
Апрель 19, 2024
Кыргызстанда селден коргонуу системасы кандай иштейт?
-
Февраль 28, 2024
Бишкек жана Ош: Мэрдин укуругу узарып, депутаттын укугу кыскарабы?
-
Февраль 07, 2024
ЖМК мыйзамы: Бийлик журналисттерди көзөмөлдөөнү көздөйбү?
-
Февраль 01, 2024
Мамлекеттик ипотека: Кантип үй алса болот?
-
Январь 23, 2024
"Жер титирөөдөн коргонуу үчүн сапаттуу үй-жай салуу керек"