Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

"Сапаттуу дарылаганы үчүн жашап жүрөм". Глобалдык фонддун акчасын көзөмөлдөө сунушу талкууда


ВИЧ/СПИДдин алдын алууга багытталган акция. Бишкек. Архивдик сүрөт
ВИЧ/СПИДдин алдын алууга багытталган акция. Бишкек. Архивдик сүрөт

Жогорку Кеңеште Глобалдык фонддун каражаты боюнча талаш чыкты. Депутаттар бул акча бейөкмөт уюмдар аркылуу “жаштарды бузууга” бөлүнүп жатат десе, активисттер ал ВИЧ, гепатит жана кургак учук менен күрөшүүгө жумшаларын айтып чыгышты.

Глобалдык фонд СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүүчү эл аралык уюм.

Кыргызстанда Глобалдык фонддун грантын негизги алуучу - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) өлкөгө ВИЧ инфекциясын, кургак учукту, акыркы жылдары сарыктын алдын алууга жана дарылоого Саламаттык сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик өнөктөштөрү, бейөкмөт уюмдар аркылуу кайтарымсыз каражат бөлүп, көмөктөшүп келет.

Глобалдык фонд 2021-2023-жылдары Кыргызстанга жалпы 27 млн. 452 доллар бөлгөн. Эми алдыдагы жаңы үч жылдыкка - 2024-2026-жылдары Кыргызстанга дагы 29 млн. доллар бөлмөкчү.

"Глобалдык фонддун акчасына мамлекет көзөмөл кылсын"

Парламент депутаттары бул каражатты өкмөт көзөмөлүнө алышы керек деген маселе көтөрүп чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат комитетинин мүчөсү Жылдыз Садырбаева 9-мартта парламент отурумунда кесиптештерин Глобалдык фонд берип жаткан каражаттын кайда, кантип сарпталып жатканын көзөмөлгө алууга көңүл бурууга чакырды.

"2024-жылы 29 млн. доллар каражат Саламаттык сактоо министрлиги жана өлкөнүн пайдасына ири суммадагы каражат бөлүнөт деп пландалып жатат. Өткөн жылдары бул гранттын негизги алуучусу ПРООН болгон. Бирок мамлекет бул каражатты өз алдынча өздөштүрүп, бөлүштүрүп, эң негизгиси көзөмөлүнө алышы керек. Министрлик ар бир тыйын үчүн мамлекет алдында отчет берүүгө тийиш. ПРООН андай отчет бербейт. Демек, акча кайсы багытка, кандай сарпталып жатканын эч ким билбейт. Комитеттин мүчөсү катары, мага келип түшкөн маалыматта айтылгандай, 4,5 млн. доллар грантты тейлөөгө кетет, ПРООН алат. Башка бөлүнгөн каражаттардын бөлүнүшү да көп суроолорду жаратат. Кандай иш-чаралар, кандай багытты көздөйт, кандай максатта жүргүзүлөт? Буларга жооп жок. Эч ким жооп бербейт".


Депутаттын бул демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кубаттады. Ал грант берген түрдүү уюмдар кыргыз жаштарын терс жолдорго жетелеп, келечекке сокку уруп жатат деди.

"Бул эң туура маселе. Терең маани беришибиз керек. Биздин жаштарыбызды бейөкмөт уюмдар кайсы жакка жетелеп баратат? Кайсы каражаттар менен? Бул биздин келечекке чоң сокку. Бул жерде трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат. Тилекке каршы биз маани бербегенибиз менен, бул терс көрүнүш көбөйүп жатат. Муну менен күрөшүүбүз керек. Кесепети аябай жаман болот".

Депутат Садырбаеванын парламентте берген маалыматына ылайык, Глобалдык фонд 2024-2026-жылдары берүүнү пландап жаткан 29 млн. доллардын 4,5 млн. доллары - программаны уюштуруу жана башкаруу иштерине сарпталат. 13 млн. доллардан ашууну - ВИЧ инфекциясы менен күрөшүүгө, 10 млн. доллардан ашууну - кургак учуктун алдын алуу жана дарылоого, ал эми кумсалар, секс кызматкерлер, трансгендерлер үчүн түшүндүрүү иш-чараларына жалпысынан 2 млн. долларга чукул каражат бөлүнөт.

Республикалык СПИД борборунун жетекчисинин орун басары Айбек Бекболотовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, каражат Глобалдык фонддун талаптарына жараша бөлүштүрүлөт.

"Глобалдык фонд грантка өтүнүч жиберүүдөн мурда бизге эскертүү берет. Ага ылайык, Кыргызстандын атынан алуучу болуп жаткан тарап, мисалы азыркы учурда ПРООН, кумсалар, секс кызматкерлер, трансгендер өкүлдөрүн, маңзат колдонгондорду ВИЧ илдети тароо коркунучу жогору болгон сектор катары алар менен иштөөнү колуна алуусу тийиш. Грант алууга өтүнмө жазып аткан учурда коомчулуктун бул катмарлары менен да иштөөсү көрсөтүлүүсү керек деген талап бар. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, Чыгыш Азия, Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдө ошондой топтор менен иштөө талап кылынат. Экинчиден, мындай топтор менен бейөкмөт уюмдар иштешүүсүнүн да өзүнчө мааниси бар. Анткени мындай топтордун өкүлдөрү медицина кызматкерлерине, күч органдарынын кызматкерлерине жана башка мамлекеттик кызматкерлерге ишенбейт, алар менен кызматташуудан баш тартуусу мүмкүн. Ошондуктан, алардын ишеничине ээ болгон адамдардан турган бейөкмөт уюмдар иштеп, бир жолу колдонулуучу ийнелерди, презервативдерди, түрдүү дары-дармектерди таратышат, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт".


Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда да кумсалар, секс кызматкерлер, трансгендер коомчулуктары, маңзат колдонгон топтор - ВИЧ илдети тароо коркунучу жогору болгон сектор катары саналат. Мунун ичинен маңзат колдонгон топтордун арасында ВИЧ илдетине кабылгандар 17%, кумсалардын арасында 10%, секс кызматкерлеринин арасында 2% түзөт.

Координациялык комитеттин курамын ким өзгөртөт?

Глобалдык фонддун ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча каражатын алууну каалаган ар бир өлкө өзүндө Координациялык комитет түзүүгө милдеттүү. Бул - фонддун негизги талаптарынын бири. Аталган комитет Глобалдык фонддун грантынын аткарылышын көзөмөлдөйт жана гранттын негизги алуучуларын тандоо укугуна ээ.

Депутат Жылдыз Садырбаева ВИЧ жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Координациялык комитеттин азыркы курамын жокко чыгарууну да сунуштоодо.

"Биз өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн азыркы курамды өзгөртүп, жаңы курамдагы комитет топтоону өтүнөм. Тилекке каршы учурда иштеп жаткан курамда добуштар ачыктан-ачык бир тарапка ооп кетет. Себеби анда мамлекеттик сектордон тогуз өкүл, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардан 19 өкүл шайланган", - деди Садырбаева.

Юстиция министрлигинин ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жобосуна ылайык, комитетте депутат Садырбаева айткандай 19 эмес, 23 мүчө болууга тийиш. Анын тогузу жарандык коомдун, 9у мамлекеттик органдардын, ал эми бешөө эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болушу керек.

Аталган комитетке жарандык коомдун атынан мүчө болуп жүргөн журналист Аскер Сакыбаева буларды билдирди.

"Глобалдык фонддун Кыргызстан менен кызматташып келе жатканына 20 жылдан ашты. Мурдараак бул комитетке да мен да мүчө болуп иштеп калгам. Анын курамынын тең жарымы мамлекеттик кызматкерлерден, тең жарымы жарандык коомдон туруп, каражаттарды бөлүштүрүүчү жана бөлүнгөн каражаттын максаттуу ишке ашырылуусун көзөмөлдөйт. Адатта саламаттык сактоо министринин орун басары ал комитеттин төрагасы болуп шайланып, мамлекеттин кызыкчылыгы 1-орунга коюлат. Эгер азыркы курам менен мамлекет Глобалдык фонд бөлүп жаткан каражатка өзү ээ боло албай, керектүү жактарга бөлдүрө албай аткан болсо, анда бул өзүнүн маселеси. Анда бул Саламаттык сактоо министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар мамлекеттин таламын талашып, анын кызыкчылыгы үчүн иштей албай жатат дегенди билдирет".

Кыргызстандын ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитетинин курамында Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Экономика министрлигинен жана башка тиешелүү тармактардан жалпы сегиз өкүл бар.

Парламент отурумунда көтөрүлгөн бул маселе социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Активисттер парламент депутаттарын маалыматты бурмалады деп сындашып, Глобалдык фонддун каражаты Кыргызстанда ВИЧ, гепатит жана кургак учук менен күрөшүүгө жумшаларын айтып чыгышты.

Ош шаарындагы "Рейнбоу" бейөкмөт уюму ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ инфекциясына чалдыккан балдар жана алардын ата-энелери менен иштейт.

Уюмдун төрайымы Феруза Адамалиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ошол кезде эки жашка толо элек наристелер бүгүнкү күнү жогорку класстарда окушат, айрымдары жогорку окуу жайларда студент, кайсы бир кесиптин ээси болуп калышты. Арасында турмуш куруп, балалуу болгондору бар. Феруза Адамалиева мунун артында Глобалдык фонддун каражаты, ага алынган дары-дармектер турат деп белгиледи.

"Булардын баары ошол Глобалдык фонд тарабынан берилген каражаттын эсебинен дарыланып, жашап келе жатат. Алардын дээрлик баары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болчу. Оору жуккан балдардын жалаяктарынан тартып, тамак-ашына, дары-дармектерине чейин Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражатка алынып келген. Бул балдар мурда күн сайын эки жолудан дары ичип жүргөн болсо, азыр бир жолкуга өтүштү. Ичпей калышса, оорусу күч алып, иммунитет алсызданып кетет. Дарыны токтотуп койсо, кесепети жаман болушу мүмкүн. Ошол ымыркай кезинде ооруканадан ВИЧ жугуп калган балдардын айрымдары бүгүн турмуш куруп, эсен-соо, ВИЧ илдетсиз балалуу болушту. Бизге берилип жаткан акча кайтарымсыз болгон соң анын пайдасынан баш тартуунун кереги жок. Депутат айым жогорку трибунада туруп, Глобалдык фонд бөлгөн каражаттын сарпталышы тууралуу туура эмес маалымат бергенден көрө, фонд тарабынан ВИЧти, кургак учукту, акыркы жылдары гепатитти да алдын алып, дарылоого каражат бөлүнүп келе жатканын баса белгилеп көрсөтүшү керек эле".

2007-жылы Ош жана Ноокат шаарларындагы ооруканалардан эки жашка толо элек ондон ашуун наристеге ВИЧ илдети кан куюу жолу менен жукканы аныкталган.

"Дарыны эне сүтүндөй ичип келем"

Ошол кезде ВИЧ инфекциясы жугуп калган Диларам бүгүн 16 жашта, Бишкектеги кесиптик окуу жайлардын биринде студент.

"Мен бир жашымда ооруканадан ВИЧ жуккан экен. Ошол кезден бери ВИЧтин дарысын эне сүтүндөй эле саат, убактысынан калтырбай ичип, ошонун натыйжасында ушул жашка келдим. Балким дары ичпегенимде мурда эле каза болуп калмакмын. Себеби бул дарылар менин жашоомдогу бирден бир дабам! Ошондуктан, мен ВИЧ менен жашасам да, анын дарысын үзбөй, калтырбай ичүүгө мажбурмун. Эгер мен дары ичкенди токтотсом, иммунитетим төмөндөп кетиши ыктымал. Мурда кунүнө эки ирет ичсем, акыркы жылдары бир жолкуга өттүм. Саламаттыгым жакшы, башка теңтуштарымдан айырма эч байкалбайт. Буюрса, мен бул ооруну жеңем деп ишенем!".

47 жаштагы Дуулат жашыраак кезинде тагдыр сыноосунан улам абакка түшүп, ал жактан кургак учук жугузуп чыккан. Ал абакта кургак үчукка кабылгандардын ичинде дары-дармектин жоктугунан көз жумгандар көп болгонун эстеди.

"Жаш болчумун, организм туруштук берди окшойт, арыктасам да жашап жүрдүм. Түрмөдө кайдагы дары, тамагыбыз шылдыраган эптемей болсо. Айыга албай көз жумуп кеткендер көп эле болду. Кийинчерээк бизге дары бере башташты. Мен да дары ичип ден соолугум оңолду, абактан чыкканда кыйла адам болуп калган элем. Кийин дарыланууну улантпасам оору кайра күчөп, өлүп калышым мүмкүн эле. Глобалдык фонддун атайын долбоорунун негизинде түрмөдөн чыккан оорулуу адамдар үчүн атайын түзүлгөн убактылуу башкалка жайга жайгаштым. Ал жерде жөн жатпай, ашканага жардам берип, кийинчерээк ашпозчулук кыла баштадым. Жыл сайын, тынымсыз дарыланып атып, кургак учуктан таптаза айыктым. Эгер Глобалдык фонддун акысыз дарылары болбосо, балким мен качан эле жашоо менен кош айтышсам керек эле. Убактылуу башкалка жай азыр деле иштеп, мен сыяктуу канчалаган адамдардын жашоосун улантуусуна мүмкүнчүлүк берип жатат".


Саламаттык сактоо министрлиги Глобалдык фонддун негизги өнөктөштөрүнүн бири. Министрликтин басма сөз кызматы фонд берген каражаттын сарпталышы боюнча маалымат расмий кат аркылуу кайрылган учурда гана берилерин "Азаттыкка" билдирди.

Экинчи бир өнөктөшү Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Глобалдык фонддун каражатына байланыштуу маселе 13-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде каралмакчы.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG