Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Садыр Жапаров ЕККУну долбоорлорун улантууга чакырды


Садыр Жапаров менен Хельга Мария Шмид.
Садыр Жапаров менен Хельга Мария Шмид.

Президент Садыр Жапаров 5-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Хельга Мария Шмид менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар өз ара алака-катышты бекемдөө, аны андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Жапаров уюмду Кыргызстандагы долбоорлорун мындан ары дагы улантууга чакырды.

"Садыр Жапаров ЕККУнун баш катчысына Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, коопсуздукту чыңдоого, сот жана укук коргоо органдарына көрсөтүлүп жаткан уюмдун колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге ал чек ара коопсуздугун чыңдоону, укук коргоо органдарын реформалоону мындан ары колдоо жана алардын дараметин бекемдөө, электрондук коммерцияны өнүктүрүү, айрыкча аймактардагы ишкердикти колдоо долбоорлорун күчөтүү максатка ылайыктуу деп эсептерин айтты. Хельга Мария Шмид өз кезегинде Кыргызстан уюмдун эң маанилүү өнөктөшү жана катышуучу-өлкөсү экенин белгиледи.",-деп жазылган маалыматта,

Ушул жылдын апрель айында ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү кыргыз сотторунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу чечимине тынчсыздануу билдирген.

Аталган уюм дүйнөдөгү коопсуздук жаатында иш алып барган эң ири аймактык уюм. Ага 57 өлкө кирет. Кыргызстан 1992-жылы кошулган. Анын Бишкекте 1998-жылы ачылган борбору ​2017-жылы макамын өзгөртүп, учурда программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзүп келе жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG