Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

"Эти Бакыр Терексай" жөнүндө инвестициялык макулдашууга кол коюлду


"Эти Бакыр Терексай" жана кыргыз өкмөтү өкүлдөрүнүн жолугуушусу. 5-июнь, 2023-жыл.
"Эти Бакыр Терексай" жана кыргыз өкмөтү өкүлдөрүнүн жолугуушусу. 5-июнь, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июнда Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын директорлор кеңешининин башчысы Шереф Женгиз баштаган өкүлдөрү менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда "кыргыз-түрк ишканасындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды".

"Ишкана жетекчилиги кыргыз өкмөтүнө компанияга Тереккан, Перевальное алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин иштетүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Аталган кендерди иштетүү долбоорунун алкагында Министрлер кабинети менен Eti Bakir акционердик коому жана “Эти Бакыр Терексай” компаниясы инвестициялык макулдашууга кол койду. Жолугушуу соңунда тиешелүү мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмалар берилди", - деп жазылган маалыматта.

Жыл башында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде ошол кездеги экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова "Эти Бакыр Терексай" кыргыз бийлигине 317 миллион долларлык доо койгонун билдирген. Тараптар сүйлөшүүлөрдөн кийин мунасага келгенин айткан.

Анын алдында түрк инвестору үлүшүн Кыргызстанга берип, долбоордон чыгып кетери айтылган. Буга өкмөттүн алтын кошулмасын тышка ташууга тыюу салганы, жаңы салык режими, алтын корунун аздыгы жана алтын чайкоодогу өндүрүштүк кемчиликтер себеп болуп жатканы белгиленген.

Буга чейин айрым жергиликтүү тургандар бул компанияга экологияга байланыштуу нааразы болуп, бир канча жолу акция өткөргөн жана бийликке кайрылып келген.

"Эти Бакыр Терексай" Юстиция министрлигинен 2015-жылы каттоодон өткөн. Анын 75% үлүшү түркиялык "Эти Бакыр", калган 25%
"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасына таандык. Компания 2015-жылы ноябрда Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин аукциондо жеңип алган жана 20 миллион доллар төлөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG