Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Иран добуштун ылдамдыгынан тез учкан ракета чыгарганын жарыялады


Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу ата мекендик өндүрүштөгү үндүн ылдамдыгынан да тез жүргөн баллистикалык ракетаны эл алдына чыгарды. 6-июнь, 2023-жыл.
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу ата мекендик өндүрүштөгү үндүн ылдамдыгынан да тез жүргөн баллистикалык ракетаны эл алдына чыгарды. 6-июнь, 2023-жыл.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу ата мекендик өндүрүштөгү үндүн ылдамдыгынан да тез жүргөн баллистикалык ракетаны эл алдына чыгарганын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Анын бет ачарына президент Ибрахим Раиси да катышканы маалым болду.

Fattah аталыштагы ракетаны атып түшүрүүгө "абадан коргонуу системаларынын биринин да алы келбейт"деп билдирди Ирандын Аскердик космос күчтөр башкармалыгы.

Анткен менен эч кандай далилдер келтирилген жок. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аскердик космос күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизаде билдиргендей, ракета саатына 15,5 миң чакырым ылдамдыкта уча алат.

Батыштын аскердик эксперттери Иран кээде маалыматты күчөтүп жарыялай турганын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG