Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Каракол: аэропорттун курулушунда мерт болгондорго жардам берилет


Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.
Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов "Каракол" аба майданындагы курулуштагы кырсыкта мерт болгон эки адамдын үй-бүлөсүнө барып, кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүк маалымат таратты. Анда Иманбетов кырсыктан мерт болгондорго мамлекеттен кенемте төлөнүп берилерин билдирди.

"5-июнда Караколдогу аэропортто оор темир кулап, ошол жерде иштеп жаткан Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын тургундары 1981-жылы туулган Азамат Байгелдиев менен 1978-жылы туулган Рустан Аманкулов окуя болгон жерден денесинен алган жаракатынан эсине келбей каза болгондугу аныкталды. Кырсыкта жараат алган Адылбек Осмонов учурда облустук ооруканада жатат, абалы туруктуу. Илияз Иманбетов 6-июнда кырсыкта каза болгондордун үйүнө барып, көңүл айтты. Байгелдиевдин артында жубайы жана 3 баласы, ал эми маркум Аманкуловдун жубайы жана 4 баласы калган. Облус башчысы кырсыкта каза болгон жана жараат алган жарандарга мамлекеттен жардам көрсөтүлөрүн белгиледи",-деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда “Каракол” аэропортунун курулуш жүрүп жаткан аймагында эл топтолуп, президентке кайрылган видеолор тараган. Алар жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү талап кылышкан.

Ушул тапта “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациядан өтүүдө. Аэропорттун аэробекет комплексинин жаңы имараты курулуп, учуу-конуу тилкеси узартылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG