Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Бишкек-Кара-Балта жолун куруу: министрлик дооматты четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Кара-Балта жолун курууда ири суммадагы акча кымырылганы тууралуу Башкы прокуратуранын дооматын четке какты. Мекеме тараткан маалыматта бул долбоор 2014-2015-жылдары даярдалганы белгиленген. Ошондон бери анда өзгөрүүлөр болуп, айрым жагдайлар актуалдуулугун жоготкону, кээ бир жагдайлар өзгөргөнү жазылган. Министрлик мындан улам башкы көзөмөлдөөчү органдын дооматына өзүнүн жүйөсүн келтирген.

Мунун алдында Башкы прокуратура бул жолду курууда 104 миллион сом кымырылып кеткенин кабарлаган. Анда буга чейин аткарылган жумушту текшерүүдө жолдун жээгине орнотулган шам чырагы бар темир мамычалар өңдүү бир топ жабдуулар жетпей калганы айтылган. Планда каралган эки аялдама курулбаганы, эле асфальт жука төшөлгөнүн билдирген. Учурда бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат.

Жыл башында парламентте Бишкек-Кара-Балта жолунун бир чакырымы 1,5 миллион доллардан ашык акчага оңдолгону сынга алынган. Министрликтин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин координатору Санжар Асаналиев жолдун кымбат оңдолгонун эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылганы менен негиздеген.

"Бишкек-Кара-Балта жолуна 100 миллион доллар тартылган. Анын 88 миллиону курулуш иштерине кеткен. Кытайдын China Railway №5 компаниясы менен келишим түзүлгөн. Жолдун курулушун көзөмөлдөгөн эл аралык консультант бар, ага жумшалган акча 1 миллион 600 миң доллар. Бул биринчи категорияда салынган жол. Толугу менен төрт жана алты тилкелүү жол болуп эсептелет. Инфраструктурасы менен жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул долбоорду оңдоого ондон ашык жалданма компания арыз берген. Бирок алардын арасынан кытайлык компания бааны арзан көрсөткөн. Калган компаниялар 1,5 миллиондон баштап 2 миллион доллардан ашык бааны көрсөткөн",-деген Асаналиев.

Президент Садыр Жапаров былтыр февралда бул жолду 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырган, министрлик болсо быйыл толугу менен аяктайт деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG