Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Киев орус армиясы Кахов ГЭСинин дамбасына сокку урганын билдирди


Кахов ГЭСинин плотинасындагы көпүрө, Украина. 13-август, 2022-жыл.
Кахов ГЭСинин плотинасындагы көпүрө, Украина. 13-август, 2022-жыл.

Орусиянын армиясы Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасына сокку урду. Бул туралуу аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин кабарлады. Анын ырасташынча, суу жакынкы сааттарда ашып-ташышы мүмкүн, мындан улам кооптуу райондордон тургундарды эвакуациялоо башталды.

Аталган облустагы Новокахов районунун Москва дайындаган жетекчиси Владимир Леонтьев орусиялык басылмаларга ГЭСте жардыруу болгонун жокко чыгарды. Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Ал арда Киев шаарынын аскердик администрациянын башчысы Сергей Попко шейшембиге караган түнү орус армиясы жасаган чабуулда 20дан ашык ракета жок кылынганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, ракеталар Каспий деңизинин аймагынан атылган. Баштапкы маалыматтарга караганда, жараат алгандар, жабыркаганда жок.

Мунун алдында Киевдин мэри Виталий Кличко түнү бир канча жолу жарылуу болгонун билдирген. Мындан улам аталган шаарда жана өлкөнүн бардык облустарында абадан эскертүү жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG